«Реформа үчүн» кыймылы Алатоо аянтында нааразылык акциясын улантууда. Азыркы тапта борбордук аянтта эки миңдин тегерегинде кишилер бар. Алар Бакиев-Кулов тандеми кызматтан кетмейинче таркабай тургандыктарын билдиришкен. Президент Курманбек Бакиев бүгүн парламентке барып, «Реформа үчүн» кыймылындагы саясатчылар конституциялык төңкөрүш жасоого даярданып жатат деп айыптап, оппозициянын штабындагы кечээки чогулушта айтылган сөздөр жазылып алынган дискетти депутаттарга угузду. Мамлекет башчы ошондой эле бирөөнү жоопкерчиликке тартуу, камоо жөнүндө ой жок экенин билдирди. Премьер-министр Феликс Кулов Конституциялык түзүлүштүн жабыркашына бийлик жол бербейт деп баса белгиледи (премьер-министрдин сөзү толугу менен сайттын орусча жагында). «Реформа үчүн» кыймылынын штабы бүгүн парламент жыйынында бийлик жарыя кылган дискет провокациялык максатта жасалган жасалма дискет деп билдиришти. Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов, Роза Отунбаева, Кабай Карабеков өңдүү оппозициячыл лидерлердин көз караштарында бул тасмадагы жазуулар чабыштырылып жасалган жана бийлик оппозиция лидерлерин бирден бөлүп камоо максатын көздөп жатат.