-Урматтуу депутаттар! Биринчиден, мен силерден суранат элем эмоцияга берилбейли, экинчиси- эч кандай коркунуч жок, азыр мамлекеттик төңкөрүш жасаганга күч жок. Аракеттер бар, бирок, андай күч жок. Муну эске алып коелу. Азыр сиздердин сөзүңөрдү угуп, кыргыз эли ойлоп калышы мүмкүн, чын эле Кыргызстанда ушундай күч пайда болуп калдыбы деп. Ушу бүгүн Конституциялык төңкөрүш жасап, бийликти алмаштырганга, бирок аракеттер бар экендигинин далилин азыр сиздерге көрсөтөт.
Бул материалды мен эртең менен саат сегизге жакын алдым. Рашид Бакирович юрист катарында туура айтып жатат. Баардык нерсенин аягына чыгыш үчүн юридикалык жагынан муну башынан баштап, аягына чейин процедурасы өз жолу менен кетиш керек. Бир жерден бир катачылык кетсе анан бүттү.
Анан өзүңүздөр айтып жатпайсыздарбы. Бул кылмыштуулук болот, регистрация болот анан эле аягына чыкпай калат. Азыр кеп анда эмес. Азыр кеп башкада. Убакытты кетирбей юридикалык жагын мен айтып жатам, азыр ал маселе жок - бирөөнү жоопкерчиликке тарталы, камайлы деген азырынча жок. Азыр сиздердин көңүлүңүздөрдү записке буруп угуп койсоңуздар деген гана ой болуп жатат. Себеби дегенде, сиздердин коллегаңардын кечээ өз ара жыйынында сөздөр болду. Кандай кылыш керек, эмне кылыш керек, кайсы жерди басып алыш керек, кайсы жерден ким элди көтөрөт деген.
Мына мен башында айтканмын сиздерге, Конституциялык реформаны көздөгөн саясатчылар мындай жолго барбайт. Ошону угуп эле койгула. Добуштарын, үнүн баарыңар билесиңер. Угуп койгула. Ызы-чуунун эмне кереги бар. Анан сүйлөшөбүз.