Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

КУБАТ БАЙБОЛОВ: МАМЛЕКЕТТИ ЭКИГЕ БӨЛҮҮЧҮ МЕХАНИЗМ ОТ АЛДЫ


Жогорку Кеңештин депутаты Кубат Байболов 3-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө, мамлекетти экиге бөлүү механизми от алганын, анын себепчиси бийлик болуп жатканын айтты. К.Байболовдун пикиринде, соңку бир жарым жылда мамлекетибиз жакшы жакка өзгөрсүн деген саясатчыларды бийлик, күч органдары сая кууганга өттү.

- Урматтуу депутаттар! Мен эми баягы көзү ачыктарга деле эч дооматым жок. Бирок тарыхка бир аз көз чаптырып, менин божомолдорумдун туура чыгып атканынын 2-3 жагдайын айтып кетейин.

Акаевдин акыркы учурунда билесиңерби, революция болгону калыптыр деп дал ушул сыяктуу эле пропагандалык кампания жүрүп атканда менин айткан жерим бар эле, эч кандай революция болбойт, Азиялык бунт болот, бир эле күндүн ичинде барчу жериңерди таппай каласыңар, за вами будут гоняться по всему миру и вам мало места будет, сделайте коррекцию, деп өзүнө да жеткиртип, жан-жөөкөрлөрүнө айттырсам бирөө да ынабай койду эле. Мына көрдүңөр эмне болду?...

Же болбосо былтыр күздө ушул трибунада туруп сиздерге абдан толкунданып кайрылдым эле, айланайын депутаттар, кыргыз мамлекетин экиге бөлүүчү механизм от албадыбы, ушуга чара көрөлү деп айтпадым беле, мына баарыңар отурбайсыңарбы. Мына бир жыл өтүп-өтпөй барыбыз тең ушул маселени айдан ачык айтып жатабыз.

Өзгөчө түндүк-түштүк маселесин өтө олуттуу жана курч көтөрүп аткандар - "уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат" болгондор айтып жатат. Болбосо, урматтуу Курманбек Салиевич, бийлик колго тийгенден кийин атасынан калгандай, байдын дөбөтүндөй лакылдаган жемкор, зөөкүр, акылы жеткилең эмес саясатчылардын кучагында калбадыңызбы!..

Болбосо башынан камчы үйрүп сабап атканда дагы кабак-кашым дебей, каршы сөз айтпаган эл ушул жерге 3-4 кишинин сөзү менен чыкты деп айтканга ким ишенет?! Же болбосо ошол конституциялык реформаны гана талап кылып 30-40 миңдеген адамдар дембе-дем чыгып атат дегенге ким ишенет?! Аз да болсо, 5 миллион калктын бир бөлүгү да болсо, назары сынганы үчүн чыгып атпайбы, үмүттөн ажыраганы үчүн чыгып атпайбы!..

Митинг деген эмне? Митинг деген элдин бир бөлүгү болсо дагы бийликтерге жиберген импульс, кабары, ишаараты. Мына ошол митингден жыйынтык чыгып, бир нерсе болот экен деген үмүт да. Маселен, акыбал мына ушу менен бүтөөрүн, мен тажрыйбалуу саясатчы катары, аздыр-көптүр ушул жерде 15 жыл иштеп калдым, атайын кызматтын (мурдагы) кызматкери катары айдан ачык билдим. Себеби ошого бара жатты. Бирок тараптар диалог болду деп атты. Чынында диалог болгон жок да. Тараптар бири-бирин укпай калбадыбы. Андай жагдайда саясат жүргүзүүгө болбойт.

Анысы аз келгенсип, урматтуу Курманбек Салиевич, Акаевдин коридорунда интригадан башканы билбеген, айласы кеткенде кызмат берсеңиз атасын жара тарткандан кайра тартпагандарды да экинчи топ кылып алып албадыңызбы. Анан кийин назарын салып, бир нерсе өзгөрөбү деген элдин үмүтү өчкөндөн-өчүп баратып, анан айла кеткендеги, баягы көп сабаса ит деле кабаанак болот деген акыбалга келип атпайбызбы...

Мына укук коргоо органдарыңызды алып көрөлү, булар "кайда барсаң сотуңа-мотуна бар, билгениңди кылып ал" саясатын жүргүзүп атышпайбы. Сотто акыйкаттык барбы, же укук коргоо органдары азыр укукту коргоп атабы? Укукту коргогон жок.

Ушул мамлекетибизде жакшы өзгөрүү болуп кетсин деп айткан мага окшогон саясатчыларды үтүктөгөндүн үстүндө болуп атат. Эми азыр өзүнүн арызын айтканы чыгып жүргөн турбайбы дейсиңер, кеп менде эмес, кеп элдин үмүтүнүн үзүлүп бара жаткандыгында. Сотуңузга да, укук коргоо органдарыңызга да ишенбей калды эл. Ошон үчүн ушул жагдай пайда болуп жатат. Реформанын эң негизги максаты ушунда болуп атпайбы. Жок дегенде үмүттү өчүрбөй бир нерсе жасасаңар боло деп.

Кыргыз коррупциясы менен казак коррупциясын салыштырып айткан бир анекдот пайда болуптур. Мындай дейт экен - “казактын постовой ГАИси акча ала турган болсо кийинки постко чалат экен, "мен алып койдум, сен тийбе" деп. Кыргыздын ГАИси чалат экен кийинки постко "мен алдым, сен да ал деп”, ошол жагдайга жетип калбадыкпы.

Мына өзүн өзү башкарууну алып көрөлү. Бул реформа эбак токтогон. Жанагы сиз дайындаган акимдерди эл чогулуп келип эмне үчүн алып салып атат. Аларды биз саясий тилге которуп айтканда, өз тагдырыбызды чечүүгө бизди да катыштырып койгула деп атат. Өзүн өзү башкаруу деген саясатты сиз төрт жолу айттыңыз, туура, колдойбуз, децентрализацияны улантабыз деп. Бирок иш жүзүндө эч кандай кыймыл жок да. Мына казактар антип дүңгүрөтүп айтпай эле, акимдерин шайлоого өттү. Алар өзүн-өзү башкарууда бизден кыйла алдыга кетип калды акыркы 2-3 айдын ичинде эле. Россия да алдыга кетип калды. Биз ошол эле учурда айтабыз, биз эң демократиялуу өлкөбүз, биздин ушундай стратегиялык саясатыбыз бар деп. Чынында иш жүзүндө эч нерсе жасаганыбыз жок.

Ал эми жер-жердеги бийликтериңизди, шаардын эле мэрин алып көрөлү, капа болбоңуз урматтуу Арстанбек Ногоевич, жакшы пикирлеш адамдарбыз, байкем болосуз, анткени аялым да ошол системада иштеп атат, сиздин не деген мыйзам бузууларыңыз бар. Не деген токтомдорду чыгарып туруп, жерди өзүңүздүн менчигиңиздей сатып атасыз. Ал токтомдорду катып, бизге көрсөтпөй, бербей жатасыз, бирок акыры алабыз. Муну айтып аткан себебим, эмнеден дебейсизби, сиз дагы өзгөчө лакылдабай, кичине калыс акыл берип турбайсызбы бул кишиге, "мен 50 миңди чыгарам" дебей. Мына күн алыс айтыптырсыз, депутаттардын бары "шакал" деп. Бул эмне деген кеп. Мааткабылов сиз менен ошол жерден өйдө-төмөн айтышып кеткен экен. Мен ушул жерге чыгаарда бир да фамилияны айтпайын дедим эле, бул саясаттын өтө примитивдүү деңгээли. Бирок сөздүн учуру келгенде айтпаса атасы өлөт да. Бийлик деген кылдат нерсе. Кылдат болбогонубуздан чыгып атат жанагы барак. Эртең мындан дагы катуу документтер чыгат.

Мына ушул эле бийликти тегеректеп, ушул эле бийликти түптөп, элдин тагдырын чечебиз деп жүргөн, лакылдаган өтө чоң кызматкерлердин сов.секретный деген визаларга, документтерге коюлган колдору менен документтер чыгат. Анан кимди ким көрдү, быржыбайды там басты болот.

Акыры эмне менен бүтөт, акыры катастрофа менен бүтөт. Эмнеси болсо дагы бүгүндөн калтырбай, консенсусту иштеп, издеп таппасак таза жаман болгону калбадыкпы, урматтуу депутаттар, урматтуу калайык.

Мага тиешелүү болсо мен башынан айтып келатам, урматтуу депутаттар, урматтуу калк! өзүбүздүн чечимибизди сыйлайлы, жаман болобу, жакшы болобу, чечим кабыл алдыкпы, ошол мөөнөт учурунда бийликти конституциялык жол менен алмаштырганга үйрөнөлү деп мен бүгүн эмес, башынан айтып келатпаймбы. Бирок бир нерсе, позитивдүү өзгөрүүлөр болуш керек деп, мен дагы жаман-жакшы айтышып, оппоненттердин катарына кошулуп, мен дагы жанагы "сокур саясатчылардын" катарында келе жатпаймбы.

Мына эми дагы бир божомолумду айтайын, эгер ошол божомолум туура эмес чыгып калса, бактылуумун деп эсептейм өзүмдү. Кудай буюрса, биринчи күнү ушул долбоорду жибересиз Курманбек Салиевич, бирок өзүңүздүн бийлигиңиздин кылы кыйшайбаган долбоор келиши мүмкүн. Биз ушул жерден айтабыз, "жок болбойт экен, муну албайбыз" дейбиз. Сиз анан айтасыз, "көрдүңөрбү депутаттардын түрүн, булар башынан конституциялык реформага каршы болчу" деп референдумга чыгарасыз. Референдумдан эл экиге бөлүнүп, болбой калышы мүмкүн, бирок бул жерде отурган мыкчыгерлериңиз референдумду тууралайт. Жыйынтыгы эмне болот? Жыйынтыгы дал өткөн марттагыдай окуя болот. Эми бул ылайым болбой эле койсун. Андан Кудай сактасын!

Бирок ошон үчүн бир кыймыл болуш керек да. Ошол жок болуп атпайбы. Эми жок дегенде ушул жерде ушунчалык чыңалууга, ушунчалык деңгээлге жетип, кыргызда айтып коет го кан чыгарыш керек деп, бир да кан чыгарбай жатпайсызбы. Мен кыргызда айтылган сөздү айтып атам, бирөө-жарымды, өзгөчө лакылдап чегинен чыгып кеткендерди алып турбайсызбы! Эртең деле бир ыңгайлуу жер табылат эле го аларга. Ал да жок болуп атпайбы. Анан кийин баягы камоодо калган жаныбар болсо да айбат көргөзүшкө аракет кылат дейт. Андай саясат болбойт...

(3-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынындагы сүйлөгөн сөзү)

XS
SM
MD
LG