Маскөөдөн жыйырма чакырым жерде Дедовдук району жайгашкан. Ал жердеги жыгачташ чыгаруучу фабрикада эмгек этип атышкан отуз кыргыз кул сыңары абалда кармалып жатканын алдыңкы күнү диаспоранын жетекчилеринин бири айткан.
Алардын айлыгын көптөн бери бербей, башка жакка чыгууга уруксат бербей, бир кишинин көзүн каратма кылып коюшуптур дешкен.
Жума күнү Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин биринчи катчысы Раимкул Аттокуров мындайча маалымат берди:
АТТОКУРОВ:- «Бизде маалымат бар, бул тармак боюнча иштеп атабыз. Аларды фабрикада көптөн бери иштетип, акчасын бербей, кул катары кармап келиптир. Биздин негизгши максаттарыбыздын бири – жердештерибиздин ушул жерде эмгектенип атышына көмөк көргөзүү. Ошондуктан бул жерде курулуш болобу, базарларда же башка жакта болобу ал жерлерде иштеп аткандар тууралуу маалыматтар бар. Маселен бүгүн эле бирөө бизге кайрылды. Курулушта иштеген киши экен. Биздин юристи жибердик.
«АЗАТТЫК»: - Ошол кишинин чырына токтолуп кетсеңиз.
АТТОКУРОВ: - Беш киши бир жарым ай мурда келишим түзбөй оозеки маакулдашып туруп иштеп берип айлыгын алалбай атыптыр. Арыз менен бизге келишти. Биз алар турган жердеги ичики иштер бөлүмүнө кат даярдап атабыз. Орто эсептен алганда 82 миң рубл төлөшү керек экен.
Отуз кыргыздын абалын жакшылап билүү максатта алдыңкы күнү ушул боюнча алгачкы маалымат алынган диаспоранын жетекчилеринин бири Асанбек Жакшылыков менен да байланыштык:
«АЗАТТЫК»: - Отуз кыргыз боюнча пикир айтып бериңизчи, мырза?
ЖАКШЫЛЫКОВ: - Негизи, маалымат туура эмес экен. Кечээ мага тажиктер айтты эле. Ал жакта (фабрикада – ММ) тажиктер да иштеп алардын маянасын да көптөн бери бербей, аларды чыгарып келдик деген тажиктер ал жерде кыргыздар ушундай абалда деп айткан. Мен кантсе да аларды орустар иштетип акчасын бербей аткан го дегем. Көрсө аларды Mаскөөдө турган эле кыргыздар алып келишиптир. Аны менен да сүйлөшсө, ал мага жыгачташ фабрика бир нече ай акча бербей калып аларга маяна төлөбөдүм дептир. Алардын кожоюну ошол экен.
Кыргызстандан уюштуруп эмгекке жарачу азаматтарды алып келип бир ишканага орноштуруп, кийин аларга тийчү айлыкты ал киши өзү алып андан үстөгүн саап алгандан кийин берет деген түшүнүк бар. Аны уюштургандарды Орусияда мыйзам кылмыштуу кадам деп эсептейт. Андай киши эмгек мигранттарды өөнөп алган кирешеден, ал эми ишкана жашырып берген акыдан салык төлөнбөйт дешет.
Бирок, Орусияга өз демилгеси менен келгендер алда канча арбын. Алардын бири жаңы эле орусиялык баш калаага келип түшкөн Эркайым Садырова экен. Анын баамында башкы кыйынчылык эмгек мигранттарга азыркы тушта милициядан келет:
«АЗАТТЫК»: - Качан келдиңиз бул жерге?
САДЫРОВА: - Эки ай болду. Измайлово деген соода борборунда иштеймин. Бул жакта кыргыздар аябай көп. Кыз, жигиттер абдан көп.
«АЗАТТЫК»: - Коопсуздугуңар кандай? Милиция кысым көргөзбөйбү? Чачын алдырган улутчул балдар тийишпейби?
САДЫРОВА: - Милиция кармай берет. Регистрацияң туура болсо деле кармай беришет.
«АЗАТТЫК»: - Бир мисал келтире кетсеңиз, Эркеайым.
САДЫРОВА: - Кечээ, мурдакүнү кармашты. Регистрациям туура болуучу.
«АЗАТТЫК»: - Анан кантип кутулдуңуз?
САДЫРОВА: - Акча бер дейт. Бирок алар үчүн беш жүз, жети жүз керек аз акчаны алышпайт.
«АЗАТТЫК»: - Кечээ канча бердиңиз?
САДЫРОВА: - Кечээ бир күндүк айлыгымды бердим. Жети жүз!
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы