Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

БЕЛАРУСТАГЫ ЭРКИН УЮМДАРГА КАРШЫ КӨРҮЛҮП ЖАТКАН АРАКЕТТЕР


Беларус бийлиги оппозициялык саясатчыларга каршы чара көрүүнү улантууда жана айрым учурларда саясатка тийешеси жок, бирок өкмөттөн көз карандысыз аракеттенген уюмдар дагы жапа чегүүдө.

1-ноябрда Беларуста "Жаш фронт" деген уюмдун жетекчиси Дмитрий Дашкевич бир жарым жылга эркинен ажыратылууга кечилди, анткени анын уюму расми каттоодон өткөн эмес. Ошол эле күнү элүүгө жакын адам Минск шаарында каршылык митингин өткөрдү.

Үстүбүздөгү жылдын жазында болуп өткөн президенттик шайлоо жараянына талапкер болуп катышкан Мамлекеттик университеттин мурдагы ректору Александр Козулин камакка алынган жана 13-июлда хулигандык кылган деп соттолуп, беш жарым жылга эркинен ажыратылууга кесилген. 20-октябрда ал абакта ачарчылык жарыялаган жана 30 октябрда ооруканага жаткырылды.

Минск шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Валерий Карбалевичтин айтымында, бийликтин пикиринен айырмаланган ой айткан же анын уруксатысыз аракеттенген ар бир саясаты же уюм Беларуста азыр кыйынчылыктарга дуушар болот: "Жакында Афган согушунда майып болгондордун коомунун жетекчиси Александр Комаровдун жанынан чек арада жасалма долларлар табылды. Башка бир мисал - "Жаш фронт" деген уюмдун жетекчилеринин бири Павел Красовски былтыр Витебск шаарындагы дискотекада болгон жардырууну уюштурган деп күнөөлөнүүдө", - дейт Карбалевич.

30-октябрда болсо Беларус менен Литва чек арасында Беларуста жашаган польшалыктардын улуттук коомунун жетекчиси Анжелика Борис түшүп бараткан машине кармалып, тинтилген. Он саатка уланган тинтүүдөн кийин полиция - машиненин ичинде героин табылганы тууралуу жарыялады, бирок кийинки күнү ал героин эмес, амфетамин экени тууралуу жарыялады. Анткен менен Анжелика Борис, анын жардамчысы жана айдоочуга каршы тергөө иштери башталды.

"Алар бизди кечки бештин тегерегинде Беларус-Литва чек арасында токтотту. Ар бирибизди көпкө текшерип, киймибизди бир нече жолу тинтти. Бир учурда оң жактагы күзгүнүн артынан бир кичине пакет табышты, анын ичинде эмне болгонун ким билсин. Бизди Гродно шаарындагы психиатрикалык ооруканага алып барып, каныбызда кандай заттар бар экенин текшертишти", - дейт Анжелика Борис.

Ал польшалыктардын улуттук коомун жетектеген, бирок Беларус бийлиги алардын кеңсесин былтыр басып алып, Анжелика Бористин кызматтан алынышын талап кылган. Натыйжада коом экиге бөлүндү жана Беларус бийлигине жаккан башка бир адам жетекчи болуп шайланды. Бирок уюмдун айрым мүчөлөрү ага макул болбостон, эмгиче Анжеликаны өз жетекчиси катары эсептейт. Анын өзүнүн айтымында, уюм эч кандай саясатка кийлигишпейт, бирок анын жетекчилиги алдында уюм өкмөттөн көз карандысыз иш алып барууга аракеттенген жана алардын жазасы ошондо болушу мүмкүн.

Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG