Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

ЖАШАСЫН ДЕМОКРАТИЯ, ЖАРЫБАСЫН ТРАЙБАЛИЗМ


Эки күндөн бери Бишкекте өтүп аткан көчө жыйын тууралуу көпчүлүктүн пикири аркыл. Аны демократия жышаанасы катары баалагандар менен тынч турмушка бүлүк салган бейжай ишчара сыпатында кабыл алгандар деле биртоп.

Элдик революциянын эки жылдыгына жетпей Кыргызстандын башкалаасы дагы бир чоң саясий оюн талаасына айланып отуру. Акүйдөн анча алыс эмес “Алатоо” аянтынан “Баикев-Кулов кетсин!” талабы айбаттуу жаңырып турат.

- Бакиев кетсин! Кулов кетсин! Реформа болсун!



Бирок да башкы аянттагы мындай демдүү талапты ал жерде жүргөндөрдүн баары эле колдоп ийген жери жок. Бишкектик Мамен Арстанбеков көчө жыйынынын чыгыгшына бийлик да, оппрозиция да бирдей күнөөлүү деген пикирде.

- Эмне үчүн биз ушундай ахывалга келип атабыз?! Себеби, бул жерде система иштеп жатат, система калып калган. Аны түбүнөн өзгөртүш үчүн реформа керек. Брок ал кандай реформа, бизге кандай реформа керек? Ошону айтпай жатпайбы? Оппозициясы деле айтпайт, бийлиги деле айтпайт.

Базаркоргондон келген Шакиржан Шарипов азыркы бийлик демократияны бузуп жатат, ошондуктан аны сактап калуу керек деп эсептейт.

- Максатыбыз - демократияны сактап калыш. Кечеги Акаевдин диктaтурасынан бүгүнкү Бакиевдиндин диктатурасы өтүп кетти эле. Ошону, демократияны сактап калыш үчүн үчүн келдик, митингдин максаты ушундай.



Кыргызстан элдери ассамблеясынын татар-башкыр жамаатынын жетекчи орунбасары Гүлсина Хайдар кызы минтип митингдешип жата берсек Кыргызстанга чет эл инвестициясы келиши мүмкүн эмес дейт.

- Бул жерге келген адамдарга Конституциянын кереги деле жок. Келген акчалар, четтен келген акчалар жыйын катышуучуларына, жетимдер үйүнө таратылып берсе жакшы болор эле.

Кыргызстандагы жашылдар партиясынын жетекчиси Эркин Булекбаев бийлик угуп туруп укпай жатканын мындайча билдирди.

- Терезенин артында туруп “Бакиев кетсин!” леген сөздү кантип укпайт!

“Үрөн” мамлекеттик концернинин жетекчиси Валерий Усольцев элдин бир бөлүгүнүн нааразылыгын ачык билдирип чыгышынын жөнү бар дейт. Себеп дегенде, жаңы бийлик өнүгүүнүн ыкчам динамикасын камсыз кылышы зарыл эле.

- Маселенин баары бийликтин үч бутагынын бирөө да элди бийликтин булагы катары эсептебегендигинен чыгып жатат. Баары тең аны өзүнүн жыргалы катары эсептеп келишүүдө. Парламентчилердин көбүнүн бизнеси бар. Алар да кырдаалдан пайдалaнып калгысы келишет. Ушундай эле ойду бийликке каpaта айтууга болот. Бул негизги маселе, өзгөрүү керек.

Чоң жыйында эл камы, элдин бүгүнкүсү менен эртеңкиси тууралуу оголе көп сөз болду. Аны күн сайын катары суйдаң тартып бараткан көчө жыйын катышуучулары, алардын айткан-дегенин бүгүн келип угуп аткандай түр көрсөткөн бийлик өкүлдөрү да абыдан көп кайталап турушту.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG