Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

“РЕФОРМА ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫНА КАРШЫ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Чуулгандуу үн тасмага байланыштуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Буга байланыштуу “Реформа үчүн” кыймылдын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев жана кыймылдын мүчөлөрү Эдил Байсалов, Асия Сасыкбаева, Чолпон Жакупова, Өмүрбек Абдырахманов көрсөтмө берүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматына чакыртылды. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, кылмыш ишин козгоо менен бийлик оппозицияны коркутууга өттү, бул болсо кырдаалды мындан ары да курчутушу ыктымал.

Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаары боюнча жетекчиси Ойталбек Осмоновдун айтымында, премьер-министрдин кечээги билдирүүсүнө байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан козголгон бул кылмыш иши Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди жана азыркы учурда тергөөчүлөр иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

- Башкы прокуратура кечээ 295-беренеге ылайык кылмыш ишин козгоду. Бул бийликти күчкө салып тартып алууга же бийликти күч менен кармап турууга аракет деген берене,-деди Ойталбек Осмонов.

Эскерте кетүүчү жагдай, Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөндөй 295-берене боюнча күнөөлүү деп табылган адам он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Токтогул Какчекеев үн тасма боюнча жалпы жонунан бир кылмыш иши козголгонун билдирди.

- Кечээ күнү телевизордон көрөбөдүңөрбү, премьер-министр жанагы материалдарды бербедиби. Ошону изилдеп бергиле деп. Ошонун негизинде жөн эле факт боюнча иш козголду. Депутаттардын үстүнөн эмес. Жөн адамдардын үстүнөн эмес. Ошол факт боюнча.

«Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кечээ Алмаз Атамбаев, Асия Сасыкбаева, Өмүрбек Абдырахманов, Эдил Байсалов, Чолпон Жакуповага күбө катары чакыруу кагазын берген.

«Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү, Өмүрбек Абдырахманов Башкы прокуратуранын мындай чечимин сынга алды:

- Эгер Башкы прокуратура ушинтип иш козгой турган болсо, мына былтыркы 24-мартта бийликти күч менен тартып алган кишилердин үстүнөн дагы кылмыш ишин козгош керек. Алар Бакиев, Кулов. Алар бийликте отурушат.

Өмүрбек Абдырахманов белгилегендей, Конституция боюнча жарандардын сүйлөшүүсүн прокуратуранын санкциясы жок жашыруун жаздырып алгандардын үстүнөн кылмыш иши козголушу керек.

- Кечээ кечинде премьер-министрдин сөзүн укпадыңарбы. Бул эч кандай кылмыш эмес. Анын үстүнө бул материал боюнча экспертизада өткөрүлбөгөндөн кийин кылмыш ишин козгоого болбойт. Бул бийликтин калп айтмай, коркутуп-үркүтмөй ыкмасынын дагы бир далили болуп атат,-деди аталган кыймылдын лидери Алмаз Атамбаев.

Кыймылдын мүчөсү Асия Сасыкбаеванын айтымында, штаб мүчөлөрү эч кандай бийликти күч менен тартып алуу маселесин көтөргөн эмес. Уюштуруу иштериндеги маселелерди сүйлөшкөн. Экинчиден «бийликти кызматтан кетүүсүн биз ачык эле талап кылып жатабыз, дейт Сасыкбаева:

- Эч ким азыр төңкөрүшкө барбайт. Өзүңөр көрүп турасыңар оппозиция мурунку оппозициядай эмес. Аларга окшобойт. Алардын ыкмаларын иштетпейт.

Асия Сасыкбаеванын баамында, Бакиевдин бийлиги мурдагы Акаевдин бийлигинин коркутуп-үркүтүү ыкмасын колдонууда.

Кечээ эртең менен парламентте Феликс Кулов билдирүү жасап, президенттин күзөт бөлүмүнө тапшырылган үн тасмага таянып, оппозиция бир катар маанилүү обьектилерди, анын ичинде МТРКны, шаар мэриясын, Ички иштер министрлигин, прокуратураны жана айрым райондук, областтык борборлордун администрацияларын басып алууну пландаштырып жатканын айткан.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG