Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 14:48

ОРУСИЯДАГЫ КӨП ШААРЛАРДА УЛУТЧУЛ МААНАЙДАГЫ «ОРУС МАРШЫ» ӨТТҮ


Төрөкул Дооров, Москва. Орусияда бүгүн - улуттук биримдик майрамынын күнү. Өлкөнүн бир топ ири шаарларында майрам улутчул маанайдагы митинг, жөө-жүрүштөр менен өтүп жатат. Азырынча ири тополоңдор тууралуу кабарлар түшө элек, бирок Москвада жана Санкт-Петербургда милиция кызматкерлери бир топ адамды кармаганы белгилүү болду. «Орус маршына» каршы Москвада антифашисттик митинг да өттү.

Орусияда улуттук биримдик деген майрамдын тамыры, негизи, 1612-жылга, Москва поляктардан бошотулган мезгилге, кеткени менен, бул күн эки жылдан бери эле белгиленип келатат. Майрамдык иш-чаралар бүгүн баш калаадагы Кызыл аянтта эстеликтерге гүл коюу менен башталды. Кремлде президент Владимир Путин майрамдык сөз сүйлөп: «Орусия өзүн анын тагдыры менен окшоштургандардын баары үчүн ачык», - деп билдирди.

Анын аралыгында, майрамдын дагы бир өңүтү улутчул маанайдагы марш менен коштолду. «Орус маршы» деген түшүнүк былтыртан бери москвалыктарга жана орус мамлекетинин баш калаасында жашаган башка улуттагыларга жакшы маалым. Туура бир жыл мурун, 2005-жылдын 4-ноябрь күнү улуттук биримдик майрамы алгачкы ирет белгилене баштаганда, Москвада улутчул маанайдагы саясий жана башка топтор өздөрүнүн алгачкы маршын уюштуруп, чет-элдиктердин үшүн алышкан эле.

Ал жагымсыз көрүнүш быйыл кайталанбашы үчүн Москва мэриясы бүгүн шаарда мындай жыйындарды өткөрүүгө тыйуу салды. Бирок майрам күнү мыйзам чегинде өткөрүлө турган айрым иш-чараларга тыйуу салган болбойт деп, шаардын ичинде бир топ жерлерде «Элдик эрк» деген митингге баары бир уруксат берилген.

Бүгүн шаардын мэри Юрий Лужков Москвада абал тынч деп билдирип: «Биз улутчул, шовинисттик эч кандай жыйындарга уруксат бербейбиз. Элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз» деди.

«Атамекен» партиясынын мурдагы лидери Дмитрий Рогозин бүгүн маршка чыккандарды милиция менен курчалган «Комсомольская» метро станциясына эмес, «Маданият паркы» станциясынын жанында өтүп жаткан митингге чакырды.

Ал быйыл бийликтер кеңири маршты өткөрүүгө уруксат бербегенине нааразы.

- Эгерде маршты уюштургандар тыйуу салынган лозунгдарды көтөрүшсө, экстремисттер же русофобдор болушса, же фашисттик маанайды курчутса, анда аларды камакка алышсын. Чын-чынында бийликтер лозунгдардан да, уюштуруучулардан да, маршруттан да кымтык таба алышкан жок. Жөн гана былтыркы окуяларга шилтеме жасап, тыйуу салып коюшту. Бирок былтыркы маршты биз эмес, оңчулдар уюштурушкан эмес беле? Болгондо да ал президентик администрациянын тапшырмасы менен өткөн, - дейт Дмитрий Рогозин.

Рогозин өзү улутчул маанайдагы саясатчы катары белгилүү. Бирок ал бул жолу «Орусия орустар үчүн!» деген ураанды колдобой турганын билдирди. Анткен менен «митингге «ар кандай адамдар» келип жаткандыктан, анын уюштуруучулары ал адамдардын баарын башкара албай калып жатат» дейт.

Бул жыйындарды уюштургандар марштын катышуучуларын кайсыл бир улутчул маанайдагы жаштардын топтору келсе, провокацияга алдырбоого чакырышты.

Москвадагы марштын катышуучулары кандайдыр бир тополоң чыгарганы же чет-элдиктерге кол салышканы тууралуу азырынча кабарлар түшө элек, бирок «Москвада жана Петербургда шаардык милиция ондогон адамдарды кармады» деп билдирди өлкөнүн Ички иштер министринин орун басары Александр Чекалин. Буга чейин «300 адам кармалган» деген кабарды милиция четке какты.

Бүгүнкү майрамдык акциялар бир эле Москвада эмес, Петербург, Владивосток, Иркутск жана башка шаарларда өтүп жатат. Петербургда, мисалы, бийликтер эч кандай митинг-жыйындарга уруксат беришкен эмес. Ага карабай, белгиленген жерге келгендерди милиция кармап кеткен. Волгоградда да бийликтер «орус маршын» өткөрүүгө уруксат бербей койду.

Мына ушундай эле тыйуу салууларга карабай, Владивостокто 200дөй киши маршка катышты. Марштын дээрлик баардык катышуучулары беттерин кара чүпүрөк менен чүмбөттөп алышкан. Алар көтөргөн плакаттарда «Орус, оруска жардам бер!» деген чакырыктар жазылыптыр.

Иркутск шаарында, башка жерлерден айырмаланып, жергиликтүү бийликтер маршты өткөрүүгө уруксат беришкен болчу. Катышуучулар өздөрүн «улутчулдар» эмес, «патриоттор» деп атап, «Орусияга даңк!» деп кыйкырып жатышты.

Бүгүнкү «Орус маршына» каршы Москвада антифашистик митинг да өттү. 300-400 адам чогулган митинг тынч өткөнү, кабарланууда.

Ички иштер министринин орун басары А.Чекалиндин айтымында, Орусия боюнча бүгүн 136 шаарда майрамдык иш-чаралар өтүп жатат жана аларга 150 миңден ашуун адам катышууда. Алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 25 миңдей милиция кызматкери жана аскерлер чыкканы маалым болду.

Чекалиндин ишениминде, майрам тынч өтөт. Ушул сааттарга карата бир топ саясий партиялар менен коомдук уюмдар өздөрүнүн жыйындарын аякташты, бирок кечинде Москвада бир топ футбол матчтары өтөт. Футбол командаларынын фанаттары, адатта, скинхеддердин тобуна жакын. Андыктан өлкөнүн бир топ белгилүү футболчулары өздөрүнүн күйөрмандарын карасанатай аракеттерден оолак болуп, провокацияга жол бербөөгө чакырышты.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG