Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 06:56

МИТИНГИЧИЛЕР "КҮЙГӨН АЯЛ КОШОКЧУ" БОЛУП АТЫШАБЫ?


Mөөнөтсүз митинг уланып аткан борбордук аянтта ушул кечте музыка жаңырып турду. Назми, Сапар өңдүү жаш ырчылар эл алдына чыкканча “Реформа үчүн” кыймылынын лидерлери дагы бир жолудан сөз сүйлөштү. Борбордук аянтта түнөп аткан митингчилер болсо аларга түзүлгөн шартка нааразы эмеспиз деп ырасташууда.

Ушул кечте борбордук аянтта болжол менен эки жарым миңдей адам болду десек болот. Бирок оппозиция лидерлери аянтта 4 миңдей адам турду деп эсептешет. Реформачылардын штаб башчысы болгон депутат Муратбек Мукашев кечинде эл алдында сүйлөп жатып ушундай деди. Кечкурун мөөнөтсүз митингдин саясий лидерлери болгон Кубатбек Байболов, Мелис Эшимканов, Темирбек Сариев, Өмүрбек Текебаев, Муратбек Мукашев баштаган саясатчылар сөз сүйлөштү. Депутат Мелис Эшимканов азыркы мамлекеттик башчы өлкөнү башкарбай деле койсо болоорун көрсөттү дейт.

- Ленин мамлекетти ашпозчу деле башкарса болот деп айткан. Гитлер болсо мамлекетти оорукчан адам башкарса болорун көрсөткөн. Аскар Акаев болсо байбичеси өлкөнү башкарса болоорун көрсөткөн. Бакиев болсо башкарбай деле койсо болоорун көрсөттү,- дейт Мелис Эшимканов.

Депутат Кубатбек Байболовдун пикиринде, бул тирешүүнүн арты жакшылык менен бүтпөй калды көрүнөт:

-Эмнеси болсо да "күйгөн аял кошокчу" болуп атабыз. Акыр бул тирешүүнүн аягы жакшылык менен бүтпөй калды окшойт. Бийлик эсине келип, сүйлөшүүгө кадам ташташы керек. Ачуу араз, акыл дос дейт, -деди депутат Байболов.

Андан кийин эл алдында чыгып Муратбек Мукашев, Өмүрбек Бабанов, Султан Урманаев, Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөштү. Алардын катарында ички иштер органдарынын ардагерлери болгон генерал жана полковниктер да турушту.

Митинг кечки саат 6жарымда бүгүнкү күн үчүн жыйынтыкталды. Ырчылардын концерти аяктагандан кийин митингдин негизги бөлүгү эртең саат 3тө уланаары жарыяланды. Саат жетиде митингчилерге кечки тамак берилди.

Бүгүн борбордук аянтка дагы эки боз үй тигилди. Муратбек Мукашевдин айтымында, алар Ыссык-көл облусунан колдоп келген элдин атынан тигилди. Митингчилер жашап аткан чатырларга баш багып жашоо шарты менен тааныштык. Баткенден келген бул митингилер түнкүсүн үшүгөн жокпуз деп жооп беришти.

- Азырынча жылуу эле болуп атат. Чатырларды болсо көрүп атасыңар, жаан жаайт, суук болот деп коркпойбуз. Бизге шарт жакшы эле болуп атат. Жанагы бир жолу эле колдонула турган идиштерге тамак алып келишет. Курсак деле ачкан жок.

Чолпон Орозобекова, Бишкек

XS
SM
MD
LG