Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

ОППОЗИЦИЯНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТЕЛЕКАНАЛГА ДООМАТЫ ЧОҢ


Бүгүн да Алатоо аянтында “Реформа үчүн” кыймылынын тынчык митингиси улантылып, анда мамлекеттик телерадио компаниясына митингдин жүрүшүн акыйкат чагылдырууну талап кылгандар болду. Кечээ оппозиция лидерлери менен макулдашкандай мамлекеттик телерадиокомпаниясы түз эфир берген эмес. Митингдин жүрүшүн бишкектиктер үчүн НТС каналы гана толук көрсөтүүдө.

Кечээ Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев баштаган «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери, депутаттар Каныбек Иманалиев, Осмонбек Артыкбаев, президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун МТРК жетекчилиги менен сүйлөшүп, алар оппозиция лидерлерине кечки саат жетиден онго чейин эки жолу түз эфир берүү маселесин макулдашып чыккан.

Мамлекеттик телерадиокомпаниянын баш деректири Кыяс Молдокасымовдун айтымында, кечээ түз эфирге оппозиция менен бийлик өкүлдөрүн үчтөн чыгаруу варианты талкууланып, бирок өкмөт жетекчилеринин чечими менен алар эфирге чыкпай калышкан. “Бүгүн оппозиция өкүлдөрү түз эфир сурап кайрылган эмес.
6-ноябрда парламентте президент Курманбек Бакиев сунуштаган Конституциянын долбоорун талкууну түз алып көрсөтөбүз” деди Кыяс Молдокасымов.

Нааразылык митинги бүгүн саат он экиде кайрадан жанданып, трубунага чыккан айрым атуулдар мамлекеттик телерадиокомпания бийликти жактаган бир жактуу маалыматтарды таратып жатышканын сындап, өлкө тургундары учурдагы кырдаал менен толук тааныш эместигин айтышты.

“Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү, Жогорку кеңештин депутаты Темир Сариев мамлекеттик телерадиокомпания митинг тууралуу туура эмес маалымат берип жатат, ошондуктан коомдук телерадиого айландыруунун зарылдыгы айкын болду деди :

-Өзүнүн эмне үчүн келген маселесин билбей эле келип турушат деп атышат. Кечээ КТРден жаңылыктардан берип атат, бул жерде беш миңге жетпеген киши келди, ушул беш миң киши кет десе эле президент кетип калабы деп берип атат. Мунун баары туура эмес маалымат. Эл өкүлдөрүнө сөз берип, абалды туура түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Өлкө тургундарына туура маалымат жетпегендиктен абал курчуп баратат. Аймактарда имиш- имиш деген сөздөр көбүрүп, кайчы пикирлерди жаратууда. КТР коомдук телекомпанияга айландырылышы керек экенине элдин да көзү жетти. Ушундайдын айынан коомдук болсо деген пикирде элек.

МТРК мурдатан бери бийликтин көзүн карап келгенин, бирок жамаатта деле калыс журналисттер бардыгын, башкаруу системасын өзгөртүүнүн зарылдыгын КРТда 15 жыл иштеген Калыбек Тайтакеев билдирди.

Митингдин жүрүшүн бишкектиктер үчүн НТС каналы гана толук жазып, 15 мүнөттөн кийин кайталап көрсөтүүдө. “НТС каналын да бийлик жаап салып, элге митингди көрсөтпөй жатат” деген имиштин чындыгы жок.

Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG