-Накен мырза, мына мөөнөтсүз митинг үч күндөн бери уланып жатат. Эки тараптын пикирлерин пикирлерин угуп жатасыз, талаптарын угуп жатасыз. Саясий кырдаал кандай бүгүн өлкөдө?
- Саясий кырдаал курч бойдон калууда. Мен ойлоп жатам, мен эмес жалпы журтубуз ойлоп жатат, бүгүн чыңалуу эң жогорку деңгээлге жетти. Себеби, мындан ары бир чечкиндүү иштерди жасабасак, бийлик менен оппозициянын ортосунда кандайдыр бир чечимге келбесек, жакшылыкка алып барбай турган маанайга алып барып калды. Менин оюмча, кырдаал азыр өтө курч.
Оппозициялык саясатчылар бүгүн дагы митингден сүйлөп жатышып, “бул тирешүүнүн арты жаман бүткөнү калды” деп айтышты. Эми бул тирешүү эмнеге алып барат?
Мен ойлойм, эгер эки тарап биргелешип бир сөзгө келбесе, эки тарап кандайдыр бир чечимге келбесе элдин арасында экиге бөлүнүшкө алып барышы ыктымал. Ошондой эле бир чоң граждандык кагылышууга, чоң трагедияга алып келиши ыктымал. Себеби, кырдаал ушуга чукулдатып жатат. Муну эми коркутуп-үркүтүп айткан сөз эмес. Эки тараптын кылган иши, эки тараптан болгон кыймылдар күндөн-күнгө ушул жалпы, мындай бир чыналууну басаңдатпай, ошону курчутканга алып барып жатат. Менин оюмча, бул чоң жаман нерсеге алып барышы мүмкүн.
- Дегеле ушул оппозициянын талаптарына пикириңиз кандай? Булар аша чаап жатабы, же реалдуу чындык ошолбу?
- Оппозициянын талаптары бүгүнкү талап эмес, бул бир жарым жылдан бери аз-аздан келип, топтолуп, бүгүнкү күндө эл демонстрацияга чыгып, өздөрүнүн ойлорун айткандан кийин, андан кийинки кырдаалга жараша курч мүнөзгө айланып кетти. Негизги койгон маселелери туура. Конституциялык реформалар боюнча, азыркы өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан кадрлар саясаты боюнча, өлкөдөгү бүгүнкү коррупция маселелери боюнча койгон талаптары туура. Бирок бүгүнкү күндө ошол талаптар, элдин көчөгө чыгуусу, Бишкек шаарында болуп жаткан демонстрация кырдаалы муну бир топ курчутуп койду. Мунун бир түрдөн экинчи түргө өтүп жатканы чындык.
- Ак үйдөгү чиновниктер, бийликти колдогон адамдар бир жээк, оппозиция бир жээк, ортодогу ажырым күн сайын эмес, саат сайын эле ажырап бараткандай да. Эми эки тарапка тең эмне кеңеш айтат элеңиз? Бүгүнкү күндө эмне кылыш керек?
-Ушул оппозиция менен бийликтин ортосундагы диалог өтө төмөнкү деңгээлде. Эч кандай бири-бирине жакындоо туюлбайт. Кайрадан өзүңүз айткандай. Ортодогу жарака чоңойгондон-чоңоюп кыйын акыбалга келип калды. Эки киши уруша кетсе дагы ошонун илгертеден берки журтубузда болгон бир жакшы макал бар: Эки адам урушса, ошонун акылдуусу күнөлүү дейт. Мен эми эки жагын күнөөлөгүм келбейт. Бирок эки жагына тең айта турган сөзүм бар. Биринчиден, ушул бийлик тарапка. Бийлик тарапта бүгүнкү күндө элдин, журттун атасы болуп, ошонун жүгүн мойнуна көтөрүп алгандан кийин, кандай болсо дагы ошол оппозиция болобу, ошол элдин бир бөлүгүнүн койгон талабын аткарыш үчүн кандайдыр бир аракеттерди кылыш керек эле. Бул аракеттер кечиккенден кечигип жатат. Анын үстүнө ушул эки тараптын ортосунда болгон диалог кандайдыр бир маданияттын төмөн дэңгээлинде жүрүп жатат. Менин оюмча мындай диалог болбош керек эле. Кандай болгондо дагы мамлекеттин деңгээлинде, маданияттуу түрдө бири-бирин ынандырган сөздөр чыгыш керек эле.
Бирок, мына акыркы үч күндөн бери ушул сессияда болгон жолугушууларды, анда болуп жаткан сөздөрдү көрүп мен бир таң калам. Кыргыз тилинде сүйлөшүп ошонун бир одоно түрлөрүн тандап алышат. Ошол эле сүйлөшүү убагында бири-бирин жакшы нерсеге теңебей, жаман нерселерге теңешет. Анан менин оюмча ушул эки тараптан тең чон жанылыштык кетип жатат. Бийлик тараптан кандайдыр бир кенебестик, кандайдыр бир теңине албагандай сөздөр кеткенсийт. Оппозиция тараптан өтө курч жана маданиятсыз сөздөр ооздорунан чыгып кетип жатат. Муну эми биздин чет өлкөлүк байкоочулар, эл аралык саясатчылар да көз салып туруп жатат. Мен эми кыргыз катары, кыргыздын ичинде кичинекей саясатчы катары ушул бүгүнкү өлкөбүздо жүруп жаткан эки бийликтин ортосундагы диалогко таң калам да. Эмне үчүн адам өңдүү сөз чыкпайт?
Эмне үчүн отуруп, жылуу-жумшак, ушул Кыргызстандын кулундары кыргыздын келечеги үчүн аттанып чыккан азаматтар катары жакшынакай тил таап ыкмага келе албаганына таң калам. Себеби бул бир күндүк эмес да. Бул өзү биздин келечек, биздин эртеңки күнүбүз. Ошондуктан мени тынчсыздырганы биринчи ошол, экинчиден бийлик тараптан дагы көп нерселер өтө кечигип иш кылынып жатат. Өтө кечигип. Себеби бийликтин бир саат, бир күндүк кечиккени бул бир кылымга татыктуу болот. Бири-бирине жаман сөздөрдү айтып, бири-бирине болгон куйкум сөздөрү мен ойлондурат, ушул акыбалга жетип калдыкпы деп. Эки тарап тең “Ойноп сүйлөсөң дагы, ойлоп сүйлө” дейт, ушул жагын ойлосо. Коомчулук мамлекеттик мамиле кылса жакшы болот эле. Экинчи конституциялык реформаны ушунча чоюп койдук, эми ар кандай себептер табылып жатат. Ушуну созбой эле, мурун эле кылып койсо, кечиктирбей эле эми эртең кылып койсо болот, муну эч кандай проблемага айландырбаш керек эле. Коррупция маселеси боюнча дагы бир топ эле ачык иштерди жакынкы арада кылып коюшка бийликтин толук мүмкүнчүлүгү бар. Мына ушул иштер болбогондуктан эки тарап тең тирелешүүгө келип калды. Эртеңки боло турган жасаларды тага баштады. Бул дагы эртеңки күндө Кыргызстанга тынчылыкка алып келбейт. Ошондуктан мен айтам : “Эсиң бар да, этегиңди жап”. Эки тарап тең бир тегерек столдун четине отуруп, керек болсо сөз билген, тил билген, саясатка аралашкан адамдарды кошуп чакырып туруп, беткей ишке келбесек, бул биздин Кыргызстандын келечегин туңгуяка такайт. Акырында граждандык кагылышууга алып келе жатат. Андан башка жагын мен көрө албадым.