Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: “ТАПАНЧА ТАКАСА ДА АРТКА КАЙТПАЙБЫЗ”


Оппозиция лидерлери 5-ноябрда кечинде болгон маалымат жыйынында "тапанча такаса да артка кайтпайбыз" деп билдиришти. Президент Курманбек Бакиев Конституциянын жаңы долбоорун алып келээри күтүлүп аткан парламенттин 6-ноябрдагы жыйынына оппозициячыл 28 депутат барбай турган болушту.

Оппозициялык күчтөр үч күндөн бери мөөнөтсүз митинг тынч жана цивилизациялуу өтүп атат деп эсептешет. «Реформа үчүн» кыймылынын өкүлү, депутат Мелис Эшимканов митингчилердин санын көбөйтүүгө далалат кылган жокпуз, табигый түрдө элдин эрки менен болушун каалайбыз дейт.

-Биринчиден, эч качан антиконституциялык кадамдарга барбай тургандыгыбызды, экинчиден, саясий лидерлер эми артка кайтпай тургандыгын далилдедик. Камайбыз деп коркутса да, тапанча такаса да артка кайтпайбыз, -дейт Мелис Эшимканов.

Оппозиция учурда президенттен Конституцияны өтө шашылыш кабыл алууну талап кылууда. Роза Отунбаеванын айтымында, эгер Курманбек Бакиев президенттик башкаруу каралган башмыйзамдын долбоорун көтөрүп келе турган болсо, анда бул кадамы ал үчүн кайгылуу аяктайт. Роза Отунбаева «анда бул президент дагы кача турган өлкөсүн даярдай берсин», деп билдирди.

Эдил Байсаловдун пикиринде, мамлекеттеги бүгүнкү оор саясий кырдаал үчүн жоопкерчилик президент Курманбек Бакиевдин мойнунда. "Эгер президенттин укуктары чектелген жаңы Конституция кабыл алына турган болсо анда Курманбек Бакиевдин бийликте кала беришине деле макулбуз" деди Эдил Байсалов.

Президент парламентке Конституциянын жаңы долбоорун 6-ноябрда алып келээрин мурда билдирген. Бирок Мелис Эшимкановдун айтымында, 28 депутат парламентке эртең барбай турган болуп сүйлөшүштү. Президент сунуштаган долбоор менен таанышкандан кийин анан барыш-барбашты чечишет экен. Бирок, бул 28 депутат мандаттарын тапшырып, парламенттин тарашына түрткү да болушу ыктымал. Мелис Эшимканов муну да жокко чыгарбайт.

Талдоочулардын баамында, кырдаалды жумшартыш үчүн чукул жана чечкиндүү кадамдар керек. Саясат талдоочу Кусейин Исаев бийлик тараптан демилге керек болуп турат дейт:

- Кырдаал чындап оорлоп баратат. Азыр бир аз жеңилдетиш үчүн бийлик тараптан демилге керек болуп турат. Ошондуктан президент бүгүндөн калтырбай Коснтитуциянын жаңы долбоорун талкууга коюш керек. Оппозиция болсо деле бир кылка эмес. Ар биринин жеке кызыкчылыктары бар. Оппозиция деле катуу эрегише бербей, этият болсо деп ойлойм,- дейт Кусейин Исаев.

6-ноябрда борбордук аянтта митинг улантылат. Реформачылардын айтымында, жер-жерлерден келгендердин эсебинен кишинин саны кескин көбөйүшү ыктымал.

Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG