Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

ОППОЗИЦИЯ ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛОО АКЦИЯСЫН БАШТАДЫ


Президент Курманбек Бакиевге импичмент жарыялоо демилгеси менен чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев кол топтоого киришти. Бирок, байкоочулар мындай демилгени ишке ашырууга реалдуу мүмкүнчүлүк жок деп, муну Конституциянын татаалдыгы менен байланыштырышууда. Бийлик өкүлдөрүнүн баамында мындай кадамга баруу депутаттардын кызыкчылыктарына каршы келет.

«Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү, депутат Дооронбек Садырбаев өзүнүн демилгесин он бир маселе менен негиздеди. Депутат кант-шифер заводуна, паспортко, Жерүй алтын кенине, «матрешка» аталган маңзаттын Кыргызстан аймагынан чет өлкөгө чыгарылышына, мамлекеттин түндүк-түштүк болуп бөлүнүшүнө президент күнөөлүү дейт. Анын айтымында, демилгени колдогон депутаттардын саны жыйырма алтыга жетти:

- Отуз эки кишинин колу менен берсем, Марат Абдыразакович (Султанов) күн тартибине киргизүүгө аргасыз болот. Күн тартибине киргенден кийин Бакиевдин жүрүм-турумунда кылмыш барбы-жокпу деген талкуу болот. Колго салууда 50 добуш камсыздасак ага импичмент жарыялоого болот.

Буга чейин экс-президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгеси 2001-жылы Үзөңгүкуушка, былтыр 24-мартка байланыштуу көтөрүлүп, бирок, акырына чыккан эмес. Муну байкоочулар Конституция талабынын өтө татаалдыгы менен негиздеп жүрүшөт.
Конституция боюнча Кыргызстандын президенти мамлекетти саткан же башка оор кылмыш жасаган шартта ээлеген кызматынан ажыратылат. Доомат коюу тууралуу сунуш Конституциялык Сотко Жогорку Кеңештин чечимине ылайык берилет. Ага көпчүлүк депутаттардын демилгесинин негизинде палатанын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси добуш бериши керек. Конституциялык сот сунушту колдобой койсо президент парламентти таркатат. Колдогон шартта Жогорку Кеңеш депутаттардын бештен төрт бөлүгү добуш берген чечим чыгарып бериши керек. Эки ай ичинде чечим чыкпаса Конституциялык сот айыпты четке кагат.

Импичмент демилгесин ишке ашыруу дегеле мүмкүн эмес дейт Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Байкожоев:

- Үчтөн экиси недоверие кылышы керек, биринчиден. Экинчиси, бүтүмдү Конституциялык Сотко жибериш керек. Бүгүн Конституциялык Соттун бир судьясы жетпейт, кворум жок. Бакиев атайы бир талапкерди сунуш кылбай, Конституциялык сот азыр де-юре бар, де-факто жок. Ошон үчүн муну эч качан аткара албайт азыр.

Президентке импичмент жарыялоо маселесине расмий бийлик өкүлдөрү башкача өңүттө карашат. Маселен, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты, азыркы биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөнов жергиликтүү телекөрсөтүүдө бул тууралуу мындай деди:

- Конституциянын импичмент беренесинде кичинекей жобо бар. Муну депутаттар абдан жакшы билишет. Президентти четтетүү маселеси өтпөй калса, президент Жогорку Кеңешти таратат. Мындай кадамга баргылары келишпейт.

Импичмент же башка маселени күтүп отурбай парламентти таратуу демилгесин президентти жактаган саясий күчтөр көтөрүп жатышат. Оппозиция да акыркы күндөрү ушундай талапты байма-бай айта баштады.

Болот Байкожоевдин божомолунда президент парламентти тарата албайт:

- Эмне үчүн дегенде бул парламентке акаевчилер келген да. Буларга кайсы кожоюн болсо баары бир, айырмасы жок. Азыр Бакиевди колдогон депутаттардын бардыгы жасакер же үстүнөн иш козголгондор. Бакиев анын баарын жакшы билет, ошон үчүн соодалашып кармап турат.

Ал эми Курманбек Бакиев Жалалабадда элдин суроолоруна жооп берип жатып парламентти таратуу акыркы чара экенин белгилегени бар.

Бурулкан Сарыгулова

XS
SM
MD
LG