Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

ПРЕЗИДЕНТ БАКИЕВ КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ СУНУШ КЫЛДЫ


Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында Президенттин ырасмий өкүлү Алымбай Султанов Курманбек Бакиевдин атынан Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу мыйзам долбоорун спикер Марат Султановго ырасмий тапшырды. Депутат Азимбек Бекназаров бул долбоорду мыйзам боюнча үч айдан кийин жана алты айдан кем эмес убакытта гана каралышы керек деп түшүндүрмө берди. Спикер Марат Султанов бул долбоорду карап баштоону сунуштап, комитеттерде иштөөгө тарап кетишти. Спикердин айтымында, эгер бул долбоор купулга толбосо, мыйзамга ылайык 38 депутат атаандаш долбоорду алып чыга алышат.

Президент тарабынан сунушталган долбоордо Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 75. Анын 75% партиялык тизме, калганы бир мандаттуу округдардан, башкача айтканда 25 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат. Шайлоодо 30% депутаттык мандатты жеңип алган партия өкмөт башчынын кандидатурасын көрсөтүп, аны президент дайындайт. Эгерде эч кайсы партия 30% добушка ээ болбосо, же бир нече партия 30% ашык добушке ээ болсо, анда премьер-министрдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен көрсөтөт. Андан сырткары парламентке Эсеп палатасын толук түзүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Ал эми өкмөт мүчөлөрүн президент өкмөт башчы жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары менен кеңешүү жолу менен дайындайт. Бирок аларды өз алдынча бошотуу укугуна ээ.

Президенттин ыйгарым-укуктары жаңы долбоордо кеңири сакталган. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында, кээ бир учурларда кеңейтилген.

Сот бийлигин куроодогу жаңылык, конституциялык жана жогорку соттун судьялары кандайдыр бир чектелүү мөөнөткө эмес, 70 жашка чыкканга чейин өз милдетин аткарышат. Ошондой эле төрагаларды судьялардын өздөрү шайлап алышат. Адам укуктарына байланыштуу бөлүмдө камакка алуу, тинтүү иштери соттун чечими менен гана жүргүзүлөт. Ошондой эле кош жарандуулукка жол берүү жагы да каралган. Өлүм жазасы жокко чыгарылган.

Негизинен мына ушундай маанидеги долбоор парламенттин кароосуна коюлду. Азыркы конституциянын 96 беренесине ылайык долбоорго конституциялык сот корутунду чыгаргандан кийин үч айдан кем эмес жана алты айдан ашык эмес убакытта Жогорку Кеңеш карай алат. Бирок кароо учурунда долбоорду өзгөртүүгө болбойт. Депутат Азимбек Бекназаров долбоорго нааразылыгын билдирди:

"Жок дегенде өзү башында отуруп, Кулов жанында туруп, макулдашуу комиссия иштеп чыккан долбоор сунуштаганда биз сыйлоо менен мамиле кылат элек. Бирок президент мен өзү билем, чекит, үтүрүн өзгөртө албайсыңар деп берип жатат".

Бирок көпчүлүк депутаттар башка долбоорду сунуштоого укуктуу экенин Жогорку Кеңештин төрагасы билдирди:

"Урматтуу депутаттар 38 депутаттын да ыйгарым укугу бар. Мен ошону бир нече жолу айтканмын. Эгерде бул долбоор жакпаса, биз башка долбоорду киргизсек болот".

Акыркы маалыматтар боюнча, президенттин долбоору көпчүлүк депутаттарга жакпай, алар башка долбоорду сунуштоону көздөшүүдө. Президент тарабынан сунушталган долбоор компромисттик вариант экенин мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров бүгүн билдирди. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов долбоорду кабыл алууга болбосун билдирди:

"Долбоордо эл өзгөртүүнү талап кылып жаткан бийлик системасы ошол бойдон калган. Анысы аз келгенсип, долбоордо президенттин ыйгарым-укуктары кеңейтилген. Мындай долбоорду кабыл алууга болбойт".

Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG