Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

ЖОГОРКУ КЕНЕШ КОНСТИТУЦИЯНЫН АТААНДАШ ДОЛБООРУН ДАЯРДАЙТ


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуш кылды. Ушул эле учурда парламент да өз долбоорун даярдоого киришти. Муну төрага Марат Султанов президент сунуштаган долбоорго көпчүлүк депутаттар канагаттанбагандыгы менен негиздеди. Оппозиция болсо президенттин кадамын экс-президент Аскар Акаевдин Конституциясын сактап калуу аракети катары баалады.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламентке президенттин өкүлү Алымбай Султанов расмий тапшырды. Ушул эле күнү маалымат жыйынын уюштурган мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров долбоорду бардык талаш-тартыштарды ийге келтирүүгө кудуреттүү долбоор катары белгиледи:

- Бүгүн долбоордун эң оптималдуу долбоору табылды деп ойлойм, үмүттөнөм. Бүгүн бул долбоор Жогорку Кеңешке расмий сунушталды.

Ал эми «Реформа үчүн!» кыймылы президенттин долбоорун кескин сынга алды. Депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, президент бул долбоорду атайылап депутаттардын башын айландыруу максатында киргизип жатат:

- Президент алып келген Конституцияга өзгөртүү толуктоо жонүндөгү мыйзам долбоору Аскар Акаев төрт жолу референдумга чыгарган беренелер. Ошондуктан, азыркы Жогорку Кеңеш аларды өзгөртүп толуктоого укугу жок.

Депутат Өмүрбек Бабанов Алатоо аянтындагы митингде президенттин суперпрезиденттик башкаруусуна жол берилбей тургандыгын билдирди:

- Супер-президенттик, супер үй-бүлөлүк конституцияны сунуш кылды. Ага биз жол бербейбиз. Бакиев кетсин!

Бекназаровдун айтымында, мындай шартта долбоорлорду референдум аркылуу гана өзгөртүүгө болот. Долбоорго ылайык премьер министрди президент парламенттин сунушуна ылайык бекитет. Муну парламент төрагасы Марат Султанов президенттин укуктарын кичирейткен жалгыз жобо деп билдирди. Төраганын айтымында, президент сунуштаган долбоор көпчүлүк депутаттардын купулуна толгон жок. Кээ бир жерлерде президенттин укуктары азаюунун ордуна кайра күчөтүлгөн дейт. Ошондуктан, Жогорку Кеңеш өзүнүн долбоорун даярдоого киришет. Буга байланыштуу төрага Марат Султанов баштаган макулдашуу комиссиясы ишке киришти:

- Биз бул долбоор демократташкан, президенттин бийлигин кичине чектеген долбоор болот деген оюбуз бар эле. Биздин оюбузча президентти мамлекеттин атасы катары көргүбүз келсе, анын бийлиги чектелүү болушу керек.

Марат Султановдун айтымында, Конституция боюнча парламент көпчүлүк добуш менен өз долбоорун сунуштоого укугу бар. Парламент ушул укуктан пайдаланып Конституция долбоорунун консенсустук вариантын иштеп чыгууну көздөп жатат. Бул 17-июлда Конституциялык кеңешме сунуш кылып, парламент жактырган долбоорду негиз кылып, оппозициянын, президенттин сунуштарын эске алуу менен даярдалат. Президент өлкөдө макулдашуу болушун кааласа эки долбоордун парламент тандаган долбооруна макул болушу керек дейт Марат Султанов. Анын айтымында, президент өз каршылыгын мыйзам бүткөн учурда гана бере алат. Ал эми талкуу жараянын жүрүшүндө же өз добоорун чакыртып алуу же өз сунуштарын киргизүү укуктарынан пайдалана алат.

XS
SM
MD
LG