Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ЧУКУЛ СЕССИЯ БАШТАЛДЫ


Кечки саат ондон өткөндө Жогорку Кеңеш депутаттары чукул жыйын өткөрүп баштады. Парламентте кворум жок, бардыгы 43 депутат катталды. Кворум болуш үчүн 51 депутат керек. Ошондуктан депутат Өмүрбек Текебаев жыйынды «уюштуруу жыйыны» деп атап, конституциянын долбоорун карап кабыл ала берүүнү сунуш кылды. Депутат Темир Сариев эгер бүгүн конституция кабыл алынбаса, эртең эл бүгүнкүдөн көп чогулат деп чакырык жасады. «Азаттыктын» кабарчысы ушул маалда парламент үйүнүн сыртында он миңден ашык адам депутаттардын чечимин күтүп турганы билдирди.

XS
SM
MD
LG