Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:46

АТОМ СТАНЦИЯЛАРЫН КӨБҮРӨӨК ПАЙДАЛАНУУ СУНУШУ АЙТЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Париж шаарында жайгашкан Эл аралык кубат агенттиги 7-ноябрда атайын доклад жарыялоого тийиш. Анда Агенттик - атом станцияларын көбүрөөк куруп-колдонууга чакыра турганы күтүлүүдө.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, Агенттик өзүнүн отчетунда - өзөктүк кубатты дүйнө жүзүндө кеңирирээк колдонууга чакырат. Эл аралык кубат агенттиги түзүлүп иштеген 32 жылдын ичинде мурда эч качан мындай болгон эмес.

Көптөгөн жылдан бери дүйнө коомчулугу Жер шарындагы жалпы температура улам көтөрүлүп баратканы менен күрөшүп, ийгиликке жете албай келет. Окумуштуулардын айтымында, климаттын жылып баратканы көмүр жана мунай жагылгандан таштанды газдар пайда болуп, алар атмосферага кошулуп кетип жаткандыктан болууда. Температуранын көтөрүлүшүнө көмүр менен иштеген электр станциялары жана автомашинелер эң көп салым кошот.

Атом электр станциаляры иштегенде болсо андай таштанды газдар пайда болбойт жана дал ошол себептен Париждеги Агенттик ошондой өзөктүк станцияларды көбөйтүүгө үндөп жатат. Бирок ага каршы пикирлер да бар. Мисал үчүн, америкалык эксперт Питер Брэдфорд ага каршы чыгууда. Ал мурда АКШнын өзөктүк кубат комиссиясында иштеген жана Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкында кеңешчи болгон. 1986-жылы Чернобылда жана андан эки жыл мурда АКШдагы өзөктүк станцияда болгон кырсыктар - андай окуялар канчалык коркунучтуу экенин көрсөттү.

Брэдфорддун айтымында, андан бери атом станцияларынын коопсуздугун күчөтүү боюнча көп деле орчундуу чаралар көрүлгөн жок. Жөн гана Чернобылдагыдай станциялар башка курулбай калды. Жалпысынан алганда болсо, атом станцияларын куруу иштерин жана алардын кандай түрүн тандоону өкмөттөр жабык түрдө чечет:

"Дүйнөдөгү бир да мамлекет өзөктүк станция кураардын алдында башка кубат булактарын пайдаланганда кайсынысы пайдалуурак болоор маселесин карабайт. Атом станциясын курууну чечкенде, андай чечим ар бир мамлекетте борбордоштурулган түрдө кабыл алынат жана чечим кабыл алуу жараяны, өзгөчө кандай альтернативалар бар экени тууралуу маалыматтар элге ачык айтылбайт", - дейт Брэдфорд.

Брэдфорддун пикиринде, жаңы өзөктүк станцияларды кургандын ордуна, мисал үчүн, Украинадагы атом станцияларын толугураак пайдаланыш керек. Азыр алар 60 пайыз мүмкүнчүлүгүндө гана иштейт. Эң негизгиси болсо бардык башка кубат булактарынын мүмкүнчүлүктөрү бардык тараптан караштырылып, алардын эң пайдалуусу жана эң коопсузу тандалганы жакшы.

XS
SM
MD
LG