Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

ОППОЗИЦИЯГА КАРШЫ КҮЧТӨР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ


Учурда парламент алдында президент Бакиевди жактаган митинг өтүп жатат. Митингдин катышуучулары «Реформа үчүн!» кыймылынын аракеттерин, Жогорку Кеңештин депутаттары түнкү жыйында түзгөн Уюштуруу жыйыны кабыл алган чечимди айыптап, президент Курманбек Бакиевдин ураанын чакырып турушат. Митингди Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков баштаган жыйырма депутат, «Эрк» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев, коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова сыяктуу саясатчылар баштап чыгышты. Президенттин таламын талашып нааразылык акциясына чыккандардын саны үч жүздөн беш жүзгө чейин экендиги айтылууда.







XS
SM
MD
LG