Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

УЮШТУРУУ ЖЫЙЫНЫ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛУУГА АРАКЕТ КЫЛУУДА


Бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы конституцияны түптөө боюнча учредителдик жыйналыш өз ишин улантты. Ал документке кол койгон депутаттардын саны 39 болгону кабарланды. Бирок түнкү жыйынга катышпаган депутаттардын башка тобу экинчи бир учредителдик жыйналыш уюштураарын билдирүүдө. Кээ бир депутаттар конституциялык реформаны укуктук жолдон чыкпай жасоого чакырууда.

Учредителдик жыйналыштын төрагасы Кубатбек Байболов бүгүнкү жыйындын бир гана максаты бар экенин, ал сунушталган конституциянын долбооруна жаңы депутаттардын кол коюушу экенин жарыялады. Депутат Өмүрбек Текебаев учредителдик чогулуш мыйзамсыз экенин, бирок тарыхый кырдаалга жараша түзүлгөнүн билдирди:

"Канчалык мыйзамдуу деп айтышыңыз мүмкүн. Биз, учредителдик жыйналыш мыйзамсызбыз. Анткени, мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Мындай учур конституцияда көрсөтүлгөн эмес. Мунун бетин ары кылсын деп, конституцияга жазган эмеспиз. Бирок ушундай болуп калды".

Депутат Айдарбек Керимкулов жыйынга катышып отурган Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баековадан учредителдик жыйналыштын мыйзамдуулугун сураганда, төрайымдан мындай жооп алды:

"Учредителдик чогулуш тууралуу мен сиздерге эч кандай жооп бере албаймын. Анткени, Конституцияда жаңы конституция алуу жолу көрсөтүлгөн эмес. Жогорку Кеңеште эл шайлаган депутаттар отурат. Ошон үчүн мыйзам чыгаруучу орган катары депутаттар өздөрү чечиш керек. Мен буга жооптуу эмесмин".

Депутат Ахматбек Келдибеков мына ушундай эле суроо менен Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновго кайрылганда, андан мындай жооп болду:

"Ошо конституцияда каралган тартип менен, учредителдик чогулуш эмес, кворумду камсыз кылып, парламентте кабыл алсаңар туура болмок".

Андан кийин сүйлөшүү жолу менен конституцияны кабыл алуу сунушталды. Депутат Сооронбай Жээнебеков, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Роман Шин мыйзамдык жол менен конституциялык рефомрага чакырды. Бирок «Реформа үчүн» кыймылга мүчө депутаттар учредителдик жыйын кабыл ала турган конституцияга кол коюуга коллегаларын үндөдү.Ошону менен эки тарап бир пикирге келе албай Жогорку Кеңештин залы күндүзгү саат он экиге карай бошой баштады.

Жыйын жүрүп жаткан маалда Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов келип өз ордуна отуруп, бирок учредителдик жыйын жүрүп жатканын билген соң залдан чыгып кетти.


Айданбек Акмат уулу

XS
SM
MD
LG