Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: УЮШТУРУУ ЖЫЙЫНЫ МЫЙЗАМСЫЗ ТҮЗҮЛДҮ


“Реформа үчүн” кыймылга мүчө депутаттардын түндө шашылыш жыйын өткөрүп, жаңы Конституцияны кабыл алуу аракети менен Уюштуруу жыйынын түзгөнү мыйзамсыз. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев менен өкмөт башчы Феликс Кулов маалымат жыйынында билдиришти. Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин мамлекеттик бийликти узурпациялоого аракет кылгандыгын белгиледи. Ал эми парламент депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында, кыймылдын жогорудагы аракеттери – саясий акция.

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин депутаттары түзгөн Уюштуруу жыйынын мыйзамсыз деп билдирди. Ал оппозициялык маанайдагы депутаттардын мындай кадамын Конституцияны тоотпостон, Уюштуруу жыйынын түзүп - бийликти тартып алууну көздөгөн мыйзамсыз аракет катары бааларын айтты.

Анын пикиринде, митингди уюштуруучулар ар кандай жалган ураандарды чакырып, элдин башын айлантууда.

"Бул митингде өзүңүздөр көрүп, өзүңүздөр угуп жатасыздар туура эмес, жалган сөздөр айтылып атат. Экономика түшүп кетти, бийлик бир кишинин колуна тийди жана башка. Премьер-министр Феликс Кулов айткандай, эч кандай кризис жок Кыргызстанда,-деди президент Курманбек Бакиев.

Ал эми өкмөт башчы Феликс Кулов Кыргызстанда саясий, экономикалык кризис жок экенин, кризис парламентте экенин билдирди.

«Реформа үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов жаңы Конституцияны кабыл алуу аракети, Уюштуруу жыйынын түзүү бул-саясий акция экенин айтты.

"Биз Уюштуруу жыйынын мыйзамдуу деп айтканыбыз жо. Бул - саясий акция. Ал эми мыйзамдуулук тууралуу айтып келе турган болсок, 2005-жылдын 24-марттагы бйиликти мыйзамсыз түрдө баскынчылык менен басып алгандыгы менен башташыбыз керек, -деди Кубатбек Байболов.

Маалымат жыйынында президент оппозициялык маанайдагы саясатчыларды бир нече ирет сүйлөшүүгө чакырганын, бирок ар кандай шылтоолор менен жолугушууга келишпегендигин айтып сындады. Ал эми Кубатбек Байболов Бакиев менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экендиктерин белгиледи.

"Биз ушул күнгө чейин, ушул саатка чейин конструктивдүү диалогду баштап, сүйлөшүүгө, конкреттүү сунуштар менен келүүгө чакырып келе жатабыз. Бирок тилекке каршы азырынча андай жок болуп атат", - деди Кубатбек Байболов.

Президент Бакиев болсо «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрү бийликти басып алууну көксөөдө деген пикирде:

"Кеп Конституциялык реформада эмес, кеп бийликти алыш керек болуп атат. Бирок мен президент катары ачык айтып коеюн, андайга биз жол бербейбиз. Эгерде бизге каршы күч колдоно турган болсо, бизде күчүбүз бар, ал биздин артыбызда турган эл-журт, бизди колдогон эл", - деди Курманбек Бакиев.

Ушул эле күнү Кыргыз өкмөтү Уюштуруу жыйынын жана анын чечимдерин тааныбай тургандыгын билдирди.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG