Эртең мененки саат он бирлерде Ош облустук акимчилигинин алдына колдоруна “Биз Бакиев мененбиз!". "Тынчтык жана туруктуулук үчүн!"."Элди бөлгөндөр жоголсун!” деген сыяктуу ураандарды көтөрүшкөн миңге жакын адам чогулду.
"Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин мүчөсү Эркин Кожогелдиев борбор калаада болуп жаткан саясий окуяларды Акаевдик күчтөр уюштуруп жатат деген билдирүү таратты:
- Бизден качып жүргөн Акаев акырындык менен спонсор болуп атканы ачыкка чыгып атат. Арам ойлору эч качан ишке ашпайт, - деди Эркин Кожогелдиев.
Жергиликтүү талдоочулардын айтымында, президент Бакиевди колдоо митингисине бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулар жамааттары мажбурлоо жолдору менен алынып келинген. Анткени менен Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору Ибрагим Жунусов президентти колдоо акциясына студенттер жана окутуучулар жамааттары өз ыктыярлары менен катышып жаткандыгын белгиледи:
- 92 пайыз эл бүгүнкү бийликти, Бакиевди колдоп турат. Биз ойлойбуз ОшМУнун жаштары жана окутуучу жамааты бүгүнкү бийлик менен бирге болобуз.
К. Бакиевди колдоо митингин уюштуруп жаткан "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков борбор калаада кырдаал курчуй бере турган болсо, Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыгууга даярданып жатышкандыгын билдирди:
- Биз жүздөгөн автобустар жыйылып Бишкекти карай жөө жүрүш жасайбыз. Ылайым эле Кыргызстанда тынчтык болсун. Эгерде күч колдонуу, зордук зомбулук менен ушундай боло берет десе, бизде дагы 50-100 миң эл чыгат. Акчасы жок эле тынчтык үчүн чыгат.
Митингдин жүрүшүндө анын катышуучулары Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиевдин саясий позициясы түшүнүксүз болуп жаткандыгын айтышып, андан эл алдына чыгып өз пикирин ачык билдирип коюну суранышты. Бирок губернатор мырза митингге чыгып сөз сүйлөгөн жок. “Азаттыкка” берген маегинде Жантөрө Сатыбалдиев саясий позициядан мурун тынчтык маселеси учурда биринчи орунда турарын мындайча билдирди:
- Урматтуу мекендештер! Биздин ата-журтубуз, Кыргызстан соңку күндөрү өтө кооптуу, опурталдуу кадамдарга барып жатат. Аны ар бир аң-сезимдүү элим-жерим деген инсан жакшы сезип, билип турат. Өлкөбүздө мындай тынч эмес кырдаал, ал-абал өтө курчуп кетсе, башаламандыкка барса бул жакшылыкка алып барбайт. Кайгы менен аяктары мүмкүн, чоң жоготууларга учурайбыз.
Митингдин жүрүшүндө анын катышуучулары бийликке жана оппозиция лидерлерине карата мындайча талаптарды коюшту:
- Биринчи, Бишкек шаарында “Реформа үчүн” кыймылы өткөрүп жаткан митинг токтотулсун. Экинчиси, президент Курманбек Бакиевге Конституциялык президенттин мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөгө мүмкүнчүлүк берилсин. Үчүнчүсү, коомдук тартипти бузгандарга, мамлекеттик бийликти күч колдонуу менен басып алуу аракетин жасаган адамдарга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлсүн. Төртүнчү, президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеш жана өкмөт мамлекеттик бийлик органдарын экс-президент Акаевдин жан-жөкөрлөрүнөн, кошоматчыларынан жана коррупционерлерден толугу менен тазалоо боюнча токтоосуз чараларды көрсүн, - деген талаптарды окуп берди "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин активисти Эркин Кожогелдиев.
Митингди уюштуруучулардын айтымында мындай иш чара эртең да кеңири масштабда улантылмакчы.
Кубанычбек Жолдошев, Ош