Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

ПАРЛАМЕНТ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫН КАБЫЛ АЛГАНЫ ТУРАТ


Жогорку Кеңеш бүгүн талкуулап кабыл алганы жаткан документ «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы» деп аталат. Ал кечээ парламент депутаттарынын макулдашуу комиссиясында жактырылган долбоор. Бул долбоор боюнча Кыргызстан парламенттик башкарууга жакындайт, Президенттин ыйгарым укуктары кыскарат, парламент менен өкмөттүн бийлиги чоңойот. Улуттук Коопсуздук кызматы Өкмөттүн курамына киргизилет. Жогорку Кеңеште 90 депутат болот, анын жарымы бир мандаттуу округдан, жарымы партиялык тизме менен шайланат. Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште жактырыла турган конституция долбооруна каршы чыкпай турганын парламент спикери Марат Султанов менен сүйлөшүү маалында айткан экен. Эгер Конституция кабыл алынса, оппозиция лидерлери дароо митингилерди токтотууга макул болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG