Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

ЭСКИ АЯНТТА БИЙЛИКТИ КОЛДОГОН МИТИНГ УЛАНУУДА


8-ноябрда эски аянтта Бакиев-Кулов тандемин жактагандардын митинги улантылды. Топтолгондордун арасында облустардан митингге катышуу үчүн атайын келген жүздөгөн кишилер бар. Аянтта тогуз боз үй, үч чоң чатыр тигилген. Митингичилер Бакиев-Кулов тандемин жактаган ураан –чакырыктар менен чыгып сүйлөшүүдө.

“Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Бакиев-Кулов тандемин жактагандардын атынан митингде сүйлөп, парламентти таркатуу керек, Конституцияны референдум аркылуу кабыл алуу зарыл деди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев мөөнөтү бүткөнчө иштеши керек, ал эми “Реформа үчүн” кыймылдын лидерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

Тургуналиев митингдин чечимин да окуп берди. Анда депутаттар Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Мелис Эшимканов, Темир Сариев, Каныбек Иманалиев, Болот Шерниязов, Азимбек Бекназаров, Кубат Байболов, Кабай Карабеков, Иса Өмүркулов мамлекеттик төңкөрүшкө аракет кылган деп айыпталат жана аларды депутаттыктан чакыртып алуу зарылдыгы белгиленет.

7-ноябрда эски аянттагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоо маселелери айтылган.

Парламент үйүнүн жанындагы митингге түшкө чейин байкоочулардын баамында, бери жагы жети миң, ар жагы он миңдей адам катышкан. Кечке жуук алардын бир жарым миңдейи калды.

Бул жерге келгендердин көбү Бишкектеги жогорку окуу жайларынын студенттери болуп чыкты. Студенттердин айрымдары аларды жетекчилик буйрук менен уюштуруп айдап келгенин айттышты.Булардан сырткары митингде бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери топ-топ болуп катышты.

Аянтта тогуз боз үй, бир нече чатыр тигилип, алардын биринде басма сөз борбору да жайгаштырылды.

Митингде өлкөгө таанымал ырчылар Расул Маматкулов, Гүлнур Сатылганова, Салима Балтаева, Токтобүбү Черикчиева жана башкалар ырдап, концерттик программаны Саламат Саматова менен Элмара Турсуналиева алып барууда. Учурда митинг улантылууда.

Кабыл Макеш, Бишкек

XS
SM
MD
LG