Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

ПАКИСТАНДА ЖАНКЕЧТИ МЕДРЕСЕГЕ ЧАБУУЛ ҮЧҮН ӨЧ АЛДЫБЫ?


Пакистандын Түндүк-батыш Чек ара провинциясында жанкечтинин чабуулунан 35 киши мерт болду. Пакистандын ички иштер министри Афтаб Ахмед Шерпаонун айтымында, кечээки чабуул - өткөн айдын аягында армиянын медресени бомбалашынан өч алуу болуп калды.

Ички иштер министринин айтымында, Даргаидагы аскердик машыгуу борборундагы чабуулдун 30-октябрдагы Бажаур аймагындагы медресени бомбалоого байланышы бар. Медресени Пакистан күчтөрү бомбалаганда 80 кишинин сөөгү сөпөт болгон эле.

- Пакистандын чалгын кызматтарынан алынган маалымат боюнча мен бул өлтүрүү Бажаурдагы окуяга байланышкан деп ишенимдүү айта алам.

Пакистандын президенти Первез Мушараф медресеге жасалган чабуулда күм-жам болгондор бүт террордук чабуул жасоо үчүн машыгуудан өтүп жаткан согушкерлер болчу деп ырастаган. Бирок жергиликтүү тургундардын айрымдары медреседегилер бейкүнөө талибдер же диний студенттер болгон, көбү өспүрүм жаштагылар эле дешкен.

Шерпаонун сөзү боюнча, кечээки чабуулда аскерлер парадга даярданып жатканда жанкечти машина менен келген. Бурка жамынган бомбачы парад аянтына өтүп келип, бел курчоосундагы затты жардырган.

Министрдин айтымында, бул сыяктуу жанкечти чабуулдар Бажаурдагы медресеге окшогон жерлерде даярдалат. Анын ырастоосунда, эгер Бажаурдагы медресе бомбаланбаганда, мындай чабуулдар дагы көп болмок. Даргаи Бажаурдан 80 чакырымдай аралыкта жайгашкан жана Техрик-е-Нифаз-е-Шариат-е-Мохаммади деп аталган ашынган исламчыл топтун таянычы катары белгилүү. Пакистандын коопсуздук күчтөрү бүгүнкү чабуулга ушул топтун да катнашы болушу мүмкүн деп болжолдоодо. Топтун мүчөлөрү медресе чабуулуна каршы демонстрацияда өкмөттүк аскерлерден өч алаарын ачык эле эскертишкен болчу.

XS
SM
MD
LG