Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:55

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНА ТУРГАН СААТ ЖАКЫНДАДЫ


Депутаттар чыдамы кетип, Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндө мыйзамдолбоорун бүгүн түнү менен болсо да кабыл алганы күтүп отурушат. Конституциянын депутаттар менен макулдашылган вариантын Президент кол коюп, парламентке сунуш кылууга тийиш. Эгер бүгүн Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынса, оппозиция лидерлери Алатоо аянтындагы митингди тарката турган ойлору бар экендигин билдиришкен. Ушул тапта эски аянтта президентти колдогон, борбордук аянтта оппозицияны жактаган миңдеген митингичилер бар. Жогорку Кеңеш бүгүн талкуулап кабыл алганы жаткан документ «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы» деп аталат. Ал кечээ жана бүгүн парламент депутаттары менен президент өкүлдөрүнүн макулдашуу комиссиясында талкууланып, жактырылган долбоор. Бул долбоор боюнча Кыргызстан парламенттик башкарууга жакындайт, Президенттин ыйгарым укуктары кыскарат, парламент менен өкмөттүн бийлиги чоңойот. Улуттук Коопсуздук кызматы Өкмөттүн курамына киргизилет. Жогорку Кеңеште 90 депутат болот, анын жарымы бир мандаттуу округдан, жарымы партиялык тизме менен шайланат. Шайлоодо партияларга бөлүнгөн депутаттык орундардын 50 пайыздан кем эмес санын жеңип алган партия өкмөттү түзүү укугуна ээ болот.

XS
SM
MD
LG