Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

КЫРГЫЗСТАН ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯЛУУ БОЛДУ


Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алды. «Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун колдоп биринчи окууда каттоодон өткөн 68 депутаттын 67, экинчи окууда 65 депутат добуш берди. Депутаттар жаңы Конституцияны кабыл алуудан президент да, парламент да, эл да утту деген пикирлерин билдиришти. Депутат Арсланбек Малиев өзүнүн сунуштары эсепке алынбай калганын белгилеп, бирок ал сунуштарын кайтарып аларын билдирди. Депутат Камчыбек Ташиев Конституцияны парламентте кабыл албай референдум аркылуу кабыл алууга кесиптештерин чакырды. Бирок, калган депутаттар бул сунушка көнүшкөн жок.

Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы
кечээ жана бүгүн парламент депутаттары менен президент өкүлдөрүнүн макулдашуу комиссиясында талкууланып жактырылган.

Депутаттардын өздөрүнүн берген баасына караганда, жаңы Конституция боюнча Кыргызстан парламенттик башкарууга жакындайт. Анда Президенттин ыйгарым укуктары кыскарган, парламент менен өкмөттүн бийлиги чоңойгон. Улуттук Коопсуздук кызматы Өкмөттүн курамына киргизилди. Жогорку Кеңеште 90 депутат болот, анын жарымы бир мандаттуу округдан, жарымы партиялык тизме менен шайланат. Шайлоодо партияларга бөлүнгөн депутаттык орундардын 50 пайыздан кем эмес санын жеңип алган партия өкмөттү түзүү укугуна ээ болот.

Депутаттар азыркы бийлик бутактары бүт – Президент, Өкмөт жана Парламент, ошондой эле сот органдары өздөрүнүн мөөнөтүнүн аягына чейин иштесин деген чечимге келишти.

Президент Курманбек Бакиев депутаттардан баш прокурорду, Улуттук банк, Эсеп палатасы менен БШК төрагасын өз эрки менен кызматтан бошотуу укугун берүүнү суранды. Макулдашуу комиссиясы иштеп чыккан вариантта президент бул кызматтагыларды парламенттин макулдугу менен бошото турган норма бар болчу. Депутаттар буга макул болушту.

Парламентарийлер мындан сырткары Курманбек Бакиевдин президентке депутаттык корпустун үчтөн экиси эмес төрттөн үчү импичмент жарыялоого укуктуу болсун деген сунушун да кабыл алышты.

Кубатбек Чекиров, Бишкек

XS
SM
MD
LG