Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

АКШнын Коргоо министри Д.Рамсфелд кызматтан кетти


Кошмо Штаттардын Коргоо министри Доналд Рамсфелд кызматтан чегинди. Бул тууралуу бүгүн АКШ президенти Жорж Уокер Буш АКШ Конгрессинин бир катар орундарына шайлоонун жыйынтыгына арналган басма сөз жыйынында билдирди.

Шайлоонун натыйжасында Ж. Буш өкүлү болгон республикачылар партиясы Конгресстин төмөнкү палатасындагы көпчүлүктү түзүп келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды. Президент Буш Пентагондо бошогон башкы кызмат ордуна Борбордук Чалгын Кызматынын мурдагы жетекчиси Роберт Гейтстин талапкердигин сунуш кылды.

АКШ Конгрессине өткөөл шайлоонун жыйынтыгында оппозициядагы демократтар Конгресстин төмөнкү үйүндө - Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзүп калышты.

Ал эми Сенатта демократтардын көпчүлүк орунга ээ болоор-болбосу Виржиния штатындагы добуш санагынын жыйынтыгы чыкканда гана айкын болмокчу.

АКШ Ак Үйү соңку шайлоонун жыйынтыгына Ирактагы окуяларга карата шайлоочулардын мамилеси таасир бергенин мойнуна алууда.

Айтмакчы, 36 штатта губернаторлор шайланды. Республикачы, теги австриялык кино жылдызы Арнолд Шварценеггер Калифорниянын губернатору кызматын сактап калды.


(Сүрөттө: Д. Рамсфелд кыргыз кесиптеши Исмаил Исаков менен. “Азаттык” үналгысынын архиви. 26июль, 2005-жыл.)

XS
SM
MD
LG