Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

АКШдагы ШАЙЛОО АЯКТААРЫ МЕНЕН КОРГОО МИНИСТРИ КЫЗМАТЫНАН ЧЕГИНДИ


Нарын АЙЫП, Прага 7-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында парламенттик жана башка шайлоолор болуп өттү. Алар аяктаары менен коргоо министри Доналд Рамсфелд кызматынан чегинди, ал эми Эл өкүлдөр палатасынын спикерлигине тарыхта биринчи жолу аял депутат келди.

Шайлоонун негизги жыйынтыгы - президент Жорж Буштун бийликтеги Республикалык партиясы утулду. Бардыгы болуп үч шайлоо өткөрүлгөн - Конгресстин ылдыйкы палатасы, Эл өкүлдөр жыйынынын бардык 435 орду үчүн шайлоо болгон, Сенаттагы 100 сенатордун үчтөн бири - 33 сенатор кайра шайланган. Андан тышкары, 50 штаттын отуз алтысында губернаторлук шайлоо өткөрүлгөн.

Эл өкүлдөр палатасындагы көпчүлүккө ээ болуш үчүн демократтар кошумча 15 орунга ээ болуш керек болчу, чындыгында алар отузга жакын кошумча мандат утуп алды. Сенаттагы көпчүлүккө жетиш үчүн алты кошумча мандат керек болчу, демократтар азырынча беш мандат алды жана азыр Сенаттагы 100 орундун элүүсүнө ээ, Республикалык партиянын колунда 49 орун калды. Виржиния штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарыла элек. Элүү губернатордун арасында мурда көпчүлүк - 28 губернаторлук орун - Республикалык партияга таандык болчу, эми абал тескериге алмашты.

Шайлоонун мындай жыйынтыктары менен байланыштуу дароо өзгөрүүлөр башталды. Президенттин партиясы өзүнүн Ирактагы саясатынан улам америкалык шайлоочулардын нааразылыгына кабылган. Ошондуктан коргоо министри Доналд Рамсфелд дароо кызматынан чегинди, ал тууралуу президент Буш жарыялады: "Бир нече орчундуу сүйлөшүүдөн кийин коргоо министри Рамсфелд жана мен - Пентагондун жетекчилигин алмаштырууга убакыт жетти деп чечтик", - деди Буш 8-ноябрда.

Рамсфелддин ордуна коргоо министрлигине - мурда Борбордук чалгындоо агенттигинин деректири болуп иштеген Роберт Гейтс көрсөтүлдү. Андан тышкары, Эл өкүлдөр жыйынынын спикерлигине Демократиялык партиянын өкүлү Нэнси Пелоси келмей болду. Ал мурда президент Буштун Ирак саясатын катуу сынга алып келген.

"Демократиялык партия түзгөн жаңы көпчүлүк америкалык шайлоочулардын үнүн угат. Алар болсо саясатта жаңы багыт керек деген талап айтып жатат. Андан тышкары Вашингтонго биримдик кайтып келиш керек жана биз Конгрессти чынчыл, ачык жана уяттуу уюмга айлантабыз", - деди Пелоси шайлоодон кийин. Палатанын тарыхында мурда аял спикер болгон эмес, 66 жаштагы Пелоси өзү Калифорния штатынан чыккан миллионер, күйөсү Пол Пелоси да ишкер, алардын беш баласы бар.

Эксперттердин айтымында, республикалыктардын утулганынын негизги себеби - Ирактагы согуштун ийгилик алып келбей жатканы, андан тышкары АКШдагы экономикалык өсүш басаңдаганы жана өлкөнүн эл аралык сахнадагы кадыр-баркы төмөндөгөнү дагы салым кошту. Утулуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө президент алды: "Республикалык партиянын төрагасы катары негизги жоопкерчиликти мен өзүмө алам. Партия жетекчилерине мен айттым - эми шайлоону артта калтырып, демократтар жана көз карандысыз депутаттар менен биз биргелешип иштеш керекпиз, мамлекет алдында өтө чоң маселелер турат", - деди Буш 8-ноябрда.

XS
SM
MD
LG