Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

9-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Падышалык администрациянын көрүнүктүү өкүлү генерал-майор Я. Баувер 1795-жылы Екатерина II Орто Азия менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн «жапайы кыргыздар» менен жакын ымала түзүү керектигин билдирген. 1969-жылы «Кыргызстан» басмасында Советтик Кыргызстандын жазуучуларынын өмүр баяны жана чыгармчылыгына арналган библиографиялык китеп жарык көрдү.

1875-жылдын бу күндөрү Бишкек тургундары, кыштак жакында уезддин борбору аталат деген каншаар кепти талкуулап атышты. Мындай кепти Кыргызстанга башта жер которгон Рьябанов, Кушаков, Журалев, Малыхин жана жергиликтүү уйгур соодагерлери козгошуп, бара-бара ал көпчүлүктүн оозуна алынганн.

Падышалык администрациянын көрүнүктүү өкүлү генерал-майор Я. Баувер 1795-жылы Екатерина II Орто Азия менен кызматташууну өнүктүрүү сунушун киргизген. Генерал-майор ал үчүн «жапайы кыргыздар» менен кызматташууну арттыруу керектигин белгилеп, кыргыздар орто жүз казактар менен коңшу жайгашып, данакерлик милдетти өтөп берээрине басым жасаган.

Мындан туура 151 жыл мурун Жетисуу областынын коомчулугу Батыш Сибирь генерал-губернатору Густав Гасфорд киргизген сунушту талкуулап атты. Генерал-губернатор Сибирь кыргыздары менен казак калкына христиан дининин айрым баалулуктары менен ширетилген иудаизмди жайылтуу сунушун жактап чыккан. Орус императору дин мыйзам сыяктуу жасалма иштелип чыкпай тургандыгын эскертип, генерал-губернаторго сөгүш жарыялаган.

1940-жылдын бу күндөрү Талас кыштагындагы куш базарда соода арааны артып атты. Базарда ар күнү 100-150дөй алгыр куштар сатылып, аны баалаган мүнүшкөрлөр коңшу республикалардан да Таласка «ат тезегин кургатпай» каттап турушкан.

1969-жылы «Кыргызстан» басмасында Советтик Кыргызстандын жазуучуларынын өмүр баяны жана чыгармачылыгына арналган библиографиялык китеп жарык көрдү. Китепке Токтогул Сатылгановдон тарта совет заманында чыгармаларын жарата баштаган жазуучулардын эмгектери киргизилип, аларга кыскача мүнөздөмө берилген.

Бу күнү, 1520-жылы Дания жана Норвегия королу Кристиан II душмандарын Стокгольм шаарында кыргандыгы үчүн бу күн «Кандуу Стокгольм мончосу» аталып, 1818-жылы айтылуу жазуучу Иван Тургенев, 1885-жылы математик Герман Вейль, 1897-жылы англис физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Роналд Норриш, 1936-жылы шахмат генийи Михаил Таль жарык дүйнөгө келсе, 1949-жылы төкмө акын Барпы Алыкулов дүйнө менен кош айтышкан.


Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG