Кыргызстандын элчиси Апас Жумагулов орусиялык журналисттер менен жолугушууда эң алгач сөзүн «Кыргызстан дайыма Орусия менен болуп келген жана боло берет» деп баштады.
Андан ары элчи азыркы кыргыз-орус мамилелерине кайрылды. Анын айтымында, эки өлкө ортосунда өзгөчө соода-экономикалык алакалар жакшы өнүгүп жатат. «Быйылкы жылы ортодогу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд.АКШ долларына чейин көтөрүлүшү мүмкүн» деди элчи.
Ал эми Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал тууралуу сүйлөп жатып, Апас Жумагулов «айрымдар бул окуялардын болушунда Орусиянын да кызыкчылыгы барбы?» деген суроолорду берип жатышканын айтты.
- Мен мындай ойлорду кескин түрдө четке кагам. Орусия менен Кыргызстан ортосундагы алакалар адамгерчиликке жана достукка негизделген, - деди Жумагулов.
Ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандагы окуяларга карата Орусия нейтралдуу позицияны ээлегенин билдирди.
- Орусиянын бизге позициясы абдан жакшы. Биринчиден булар да [орусиялыктар] биз менен бирге тынчсызданып жатышат. «Кечээ эле революция болду эле, эми иштегендин оордуна кайра эле ушундай болуп атабы?» деген ойду айтпай коюшкан жок. Эми аны да жакшы ойдо айтып жатышат да. Жакын арада кан төгүлбөй, биримдик менен маселеңерди чечип алсаңар жакшы болот эле дешүүдө. Булар [Орусия] тараптан биздин ички ишибизге эч кандай кийлигишүү деген жок жана болбойт деп ойлойм.
Бирок элчинин айтымында, эгер керек болсо, Кыргызстан Орусияга материалдык жардам сурап кайрылышы да мүмкүн.
Жумагулов шейшембиде кечинде кыргыз президенти Курманбек Бакиев оор учурда эң алгач орус президенти Владимир Путинге телефон чалып, сүйлөшкөнүн кошумчалай кетти. Эки президенттин сүйлөшүүсү учурунда «Бакиев Путинден эч кандай аскерий жардам сураган жокпу?» деген «Азаттыктын» суроосуна элчи эч кандай жардам тууралуу сөз болгон эмес деп жооп берди.
- Эми ага, биринчиден, жеткирбесин. Бирок навада кандайдыр бир балакет болуп кете турган болсо, эки тарапты тең отургузуп, биримдикке чакырууга, маселенин курчуп кетишине жеткизбөөгө биздин республиканын, өкмөттүн өзүнүн да күчү бар.
Өлкөдө соңку окуялардын болушуна кайсыл бир «сырткы саясий күчтөр» да таасир эттиби? деген суроого Апас Жумагулов «мунун баарын Кыргызстандын ички гана маселелери» деп эсептей турганын айтты. Бирок жагдай оорлогон учурда айрым «сырткы күчтөр» түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып калган болушун да жокко чыгарбай турганын билдирди. Ошондуктан башкалар өлкөнүн ички маселесине кийлигишпеши үчүн кризистен тезирээк чыгып кетиш керек деди ал.
- Азыр ушундай кыйын учурда маселени курчутпасак, биримдикке чакырсак, батыраак ушул кризистен чыгып кетүүгө баарыбыз өз салымыбызды кошсок, - деди Кыргызстандын Москвадагы элчиси Апас Жумагулов.
Төрөкул Дооров, Москва