Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

ПРЕЗИДЕНТ К.БАКИЕВ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫНА КОЛ КОЙДУ


Бүгүн түшкү саат 13.00 дө өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына кол койду. Андан кийин сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев жаңы Башмыйзам Кыргызстан күчтүү президенти, күчтүү парламенти бар мамлекет экендигин кепилдейт деп билдирди.

Иш чарадан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов «…мурдагы Конституциядан эки кадам илгери жылдык» деп билдирди. Бул иш чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов, Жогорку Соттун төрагасы Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова, Курманбек Осмонов, премьер министр Феликс Кулов, Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин төрага орун басар Кубанычбек Исабеков, президенттик администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев катышты.

Кечээ түнүчүндө саат 12ге жакын парламент 65 добуш менен Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алган болчу. "Реформа үчүн" кыймылы бул окуяны оң баалады. Депутат Акматбек Келдибеков болсо бул Конститциянын кабыл алынышы менен бийлик дагы, оппозиция дагы жана эл дагы утканын билдирди. Депутат Текебаевдин айтымында, эми мындан ары дагы саясий маданиятты калыптандыруу үчүн көп иштерди жасоо керек.

XS
SM
MD
LG