Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

ӨМҮРБЕК АБДРАХМАНОВ : “РЕФОРМА ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ ТАРАБАЙТ


“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин оппозициялык кыймылдын иш-аракеттери кандай боло тургандыгы жөнүндө «Азаттыкка» маек куруп берди.

- Жаран катары Cизди жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктай кетели. Демек, Конституциялык реформа ишке ашты. Ал эми “Реформа үчүн” кыймылынын иши эми уланабы, же тарайсыздарбы?

- Рахмат. “Реформа үчүн” кыймылы эч качан тарабайт, бардык иш жаңы гана башталып келатат. Бул биздин биринчи гана талабыбыз болчу Конституцияны реформа кылуу. Бул түндө ишке ашты. Мен Жогорку Кеңеште катышып отурдум. Ушунчалык “Реформа кыймылын” колдогон депутаттар көп болду. Өзүңүздөр айтып атасыңар, 65 добуш менен өттү. Президентти колдоп аягына чейин турган эки гана депутат калды. Демек, “Реформа кыймылы” бардык коомду жана Жогорку Кеңешти консолидация жасап, өзүнүн идеясына ынандырып, Конституцияны кабыл алды. Кыргызстан жаңы багыт алды бүгүн. Бүгүн эртең менен туруп карап атабыз, Кыргызстан жаңы багыт алып, жаңы демократияга чоң кадам жасап, жаңы өнүгүү, демократиялык өсүүнүн алдында турат. Ошон үчүн биз дагы чоң жаны күчтөр менен алдыга жылдырганга аракет кылабыз.

- Жаңы Баш мыйзамга ылайык шайланган кызмат адамдары өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштээри макулдашылыптыр. Демек, сиздер Кулов-Бакиев тандемин отставкага жөнөтүү талабыңыздардан артка кайттыңыздар. Экинчи талап, КТРди коомдук телеканалга айлантуу эле. Бул маселе кимдин чечими менен ишке ашат, же Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен өкмөт эле чече алабы, же маселе кайра президенттин алдына коюлабы?

- Туура айтасыз, эл аркылуу шайланган Жогорку Кеңеш жана президент өзүнүн мөөнөтүнө чейин иштеши керек, ушундай шарт бар. Бирок өкмөткө эч ким гарантия бере албайт, анткени өкмөт жаман иштеши, жакшы иштеши мүмкүн. Мындан ары өкмөттүн ишин толук бойдон Жогорку Кеңеш контроль жасап, анын курамын түзүү дагы толук бойдон Жогорку Кеңешке жүктөлгөн. Ошон үчүн кайсы убакыт болбосун Жогорку Кеңеш алардын отчетун сурап, эгер ылайык келбесе, аларды иштен кетирип, жаңы өкмөттү тандап алганга акылуу. КТР боюнча айтсак, өзүңөр көрүп атасыңар, акыркы кездерде таптакыр эле жүзүн жоготту. Бир үй-бүлө үчүн кызмат кылып, былтыркы Акаевдин учурундагыдан он эсе начар иштерди жасап, силерден кеткен Молдокасымов деген бала идеялык жагынын, адамкерчилик жагынан ушундай пастыгын көргөздү.

- Эл аралык маселелерден. Кошмо Штаттарда жаңы эле шайлоо аяктады. Анын натыйжасында Конгресcтин Эл өкүлдөр палатасындагы көзөмөл эми Демократиялык партияга өтөт экен. АКШдагы ушул саясий жаңылыкта Кошмо Штаттар менен Кыргызстандын мамилелеринин келечегине кандай таасир бериши мүмкүн?

- Менин оюмча, Кыргызстан дайыма АКШ менен да, Орусия менен да жана башка мамлекеттер менен да эң жакшы мамиледе болуш керек. АКШда болуп жаткан шайлоолордун жыйынтыгы бул дагы демократиянын, элдик бийликтин бар экенин ырастап турат. Анткени республикачылар ар дайым эле туура ишти жасады деп айта албайм, ошондуктан элдер аларга силер туура эмес кылып атат окшойсуңар деп, көпчүлүгүн демократтарга берип койду. Бул демократиянын эң жакшы нерсеси. Бийлик деген ар дайым элдин агымы менен болуп элдин айтканын кылып туруш керек.

XS
SM
MD
LG