Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ – ЖАҢЫ САЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШ


Жогорку Кеңеш кабыл алган Конституциянын жаңы редакциясына президент 9-ноябрда кол койду. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери төрт жолу референдум, экинчи жолу жаңы редакция менен өзгөртүлүп жаткан бул конституцияда бийлик бутактарынын балансы, адам укуктары, кандай сакталган?

Кыргызстандын эгемен доорунда алгачкы конституция 1993-жылы кабыл алынган. Аны өзгөртүү боюнча он жылдын ичинде төрт жолу референдум өткөрүлүп, натыйжасында президенттин ыйгарым-укуктары чексиз көбөйтүлгөн. 2002-жылдагы Аксы окуясынан кийин ал кездеги президент Аскар Акаев конституциялык реформа баштап, конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ал кеңешмеде ошол кездеги бийлик менен оппозиция биргелешкен долбоорду иштеп чыккан. Бирок Аскар Акаев түзгөн эксперттик топ ал долбоорду өзгөртүп,конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн кескин нааразылыгын пайда кылган. Буга карабай долбоор 2003-жылы референдумга коюлуп, кабыл алынган.

Ал эми 2005-жыл 24-марттагы ыңкылаптан кийин саясий күрөш жана демилге талашуу учурунда башталган конституциялык реформа 9-ноябрда соңуна чыгып отурат.

Анда адам укуктарын сактоого бардык кепилдиктер берилгенби? Бул суроого «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери, белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова жаңы редакциянын адам укуктарына байланыштуу бөлүмү европалык стандарттарга туура келет деп жооп берди:

"Кыргызстан конституциясы европалык стандарттагы жана дүйнөдөгү фундаменталдык баалуулуктарга дал келет. Биз ошону менен сыймыктанабыз. Анда адам укуктары эң чоң деңгээлге чыгып жатат. Өлүм жазасын алып жаткандан кийин Кыргызстан региондогу гумандуу өлкө болот. Бул региондо жашаган адамдарга да мүмкүнчүлүк, шанс берип жатат".

Конституциялык реформанын жүрүшүндө негизги талаштарды бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктарына байланыштуу маселе жаратып келгени белгилүү. Президент Курманбек Бакиевдин айтымында, жаңы редакцияда күчтүү президент, күчтүү өкмөт башчы жана күчтүү парламент принциби сакталды. Белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеев жаңы конституция бийлик бутактарын теңдеди деген пикирде:

"Жаңы долбоордо бийлик бутактарынын тең салмактуулугу камсыз кылынды. Себеби парламенттин көп укуктары ар кандай референдумдар аркылуу Акаевдин учурунда президентке өтүп кеткен. Эми парламенттин укуктары кайтарылып берилди".

9-ноябрдан баштап жаңы конституция күчүнө кирди. Анын өткөөл мезгилге байланыштуу бөлүмү тууралуу беренесине ылайык, бардык шайланган органдар өздөрүнүн мыйзамдык мөөнөтүнө чейин иштешет. Бирок ыйгарым-укуктары жаңы конституцияга ылайык болот, дейт президентик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев:

"Өткөөл мезгилдеги жобосунда жазылып турат, президент да, соттор да, депутаттар шайланган мөөнөтү бүткөнгө чейин иштешет деп. Ал эми ыйгарым-укуктары жаңы Конституциянын негизинде болот".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG