Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

БИШКЕКТЕ МИТИНГ ТОЛКУНУ БАСЫЛДЫ


Бүгүн оппозициялык күчтөрдүн Алатоо аянтындагы нааразылык митинги жана ошол эле учурда эски аянтта бийликти колдоп өтүп жаткан митинг да аяктады. Жаңы Башмыйзамдын кабыл алынышы Алатоо аянтындагы митингчилер тарабынан шаңдуу майрамдалды. Ал эми эски аянтта тургандар таркар алдында оппозициянын лидерлерин жоопко тартып, парламентти таркатууну бийликтен талап кылышты.

Жаңы Конституциянын кабыл алынышын бир жумадан бери Алатоо аянтында нааразылык митингин өткөрүп жатышкан митингчилер өздөрүнүн жеңиши катары кабыл алышууда. Бүгүн аянтка он беш миңге чукул киши чогулду деген пикирлер бар. Аянттагы секиче гүлдөр жана кызыл-тазыл шарлар менен кооздолуп, түшкү саат экиде митинг салтанаттуу түрдө Кыргызстандын гимни менен башталды.

Андан кийин “Реформа үчүн” кыймылынын лидерлери чогулган элге жаңы Башмыйзамдын артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти. Кыймылдын теңтөрагасы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күн Кыргызстандын тарыхында калган күн болот деп белгиледи:

-Бүгүн саат бирден жыйырма мүнөт өткөндө президент Бакиев Конституциянын жаңы редакциясына кол коюп, биз бүгүндөн баштап жаңы Конституция менен жашай баштадык.

Атамбаевдин сөзүн кыймылдын дагы бир мүчөсү Роза Отунбаева кубаттоого алды: - Бул чынында эле биз үчүн чоң жетишкендик. Март ыңкылабынын уландысы абдан бир бактылуу, маанилүү жана кыргыз элине керектүү чоң майрам менен бүтүп атат.

Депутат Азимбек Бекназаров жаңы Башмыйзам боюнча мындан ары президенттин колунда кандай укуктар калгандыгын айтып кетти:

-Президент бардык бийликтин үстүндө арбитр болуп отурат. Эгер кокус парламент менен өкмөттүн ортосунда пикир келишпестик болуп калса, ал киши арачага түшө алат. Башка бир да министрликти, бир да өкмөт мүчөсүн ал дайындай албайт, кызматтан да кетире албайт.

Депутат Мелис Эшимканов болсо жаңы Башмыйзамдын кабыл алынышына кубанууга али эрте, митингчилердин башка талаптары аткарылган жок деп айтып, бийлик аларды аткарууга мажбур деп белгилеп кетти: -Булардын башка аргасы жок. КТРди коомдук кылганга, бир тууган Конгантиевдерди кызматтан кетиргенге мажбур болушат. Бүгүнтөн тарта парламентке, өкмөткө бардык укук берилди. Президенттин канат-куйругу кесилди. Ал кааласа, каалабаса дагы буга баш иет.

Бул күнү бийликти колдоп, үч күндөн бери Жогорку Кеңештин алдында өтүп жаткан митингди таркатуу үчүн бул жакка мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жана юстиция министри Марат Кайыпов келип, жаңы Конституция тууралуу маалымат беришти.

-Конституциянын жаңы редакциясы боюнча президенттин ролу дагы катуу күчөдү. Мурда КР өкмөт мүчөлөрүнүн ар бирин Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана дайындап келсе, мындан ары президент жеке өзү дайындайт, Жогорку Кеңешке киргизбейт. Ошол эле учурда министрлер, Улуттук банктын төрагасын, Башкы прокурорду, эсеп палатасынын төрагасын, БШКнын төрагасын Жогорку Кеңештин макулдугусуз президент кызматтан алып койгонго укугу бар,- деди Адахан Мадумаров.

Бийликти колдогон митингдин катышуучулары оппозициянын лидерлерин жоопко тартууну жана парламентти таркатууну талап кылып туруп, кечки саат төрткө жакын эски аянттагы таркап кетишти. Алатоо аянтында да чатырлар жана бозүйлөр чечилип, жыйналды.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG