Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

АКШдагы ШАЙЛОО ЖАНА ВАШИНГТОНДУН ИРАК САЯСАТЫ


7-ноябрда АКШда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгында Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүк оппозициядагы Демократиялык партияга өттү. Эксперттердин пикиринде, бийликтеги Республикалык партиянын бул утулушунун көптөгөн себеби бар жана Вашингтон эми өзүнүнү Ирак саясатын өзгөртө баштайт.

Британиялык "Гардиан" гезити жазгандай, америкалык шайлоочулардын бийликке каршы чыкканын көпчүлүк эксперттер төрт негизги себеп менен түшүндүрүүдө. Биринчиден, Ирактагы согуштун каалаган ийгиликке алып келбегени. Экинчиден, дүйнөлүк терроризмге каршы күрөш учурунда кетирилген мүчүлүштүктөр. Үчүнчүдөн, АКШнын өзүнүн экономикасындагы өсүштүн басаңдаганы. Жана төртүнчү себеп - Америкадагы ири коррупция чатактары.

Аны менен катар ошол эле "Гардиан" гезити 9-ноябрда Республикалык партия Конгрессте бийлик кылган 12 жылдын ичинде кетирген башка ири каталардын да тизмесин келтирет. Алардын айрымдарын гана атай кетели, мисал үчүн, дүйнөлүк климаттын өзгөрүп, Жер шарындагы температура улам көтөрүлүп баратканын америкалык Конгресс тааныбай койду жана АКШ Киото протоколунан чыгып кетти.

Дүйнө мамлекеттерине Вашингтон курал сатууну эбегейсиз күчөттү, курал бар жерде болсо кагылышуулар да болот. Аялдардын бойдон алдыруу укугу АКШда чектелип, айрым биологиялык изилдөөлөргө да тыюу салынып келди. Дүйнө жүзүндө жана өзгөчө Европа мамлекеттеринде өлүм жазасына тыюу салынып жатса, Америка жетекчилиги жана өзгөчө президент Джордж Буш өзү аны колдоого алууда. Андан тышкары гезит - президент Билл Клинтонго каршы уюштурулган импичмент аракетин жана азыркы президент Буштун Дарвин теориясына каршы чыкканын дагы атайт.

Шайлоонун эртеси эле, 8-ноябрда президент Буш коргоо министри Доналд Рамсфелдди кызматтан алды. Бирок айрым эксперттердин пикиринде, эгер президент аны шайлоо алдында жумуштан түшүргөндө, мүмкүн, шайлоонун жыйынтыктары республикалыктар үчүн алда канча жагымдуурак болмок деп айтышат.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы ири террор аракеттери ишке ашырылаары менен Рамсфелд дароо президентке кат жазып, ал кылмыш үчүн Ирак президенти жооптуу деп билдирген жана Багдадка каршы согуш ошол мезгилден тартып даярдала баштаган, бирок башка эксперттердин пикирин жетекчилик укпай койгон.

9-ноябрда журналисттер менен жолукканда болсо, президент Буш Ирак саясаты жана террорго каршы согуш боюнча айтылган кандай болбосун сунуштарга ал ачык экенин билдирди: "Террористтерди талкалоо жана Ирактагы демократия орнотуу жараянындагы максаттарга жетүүгө көмөк көрсөтө ала турган идеяларга жана сунуштарга мен дайым ачыкмын", - деди Буш.

Ирактагы абал боюнча АКШда жакында атайын комиссия түзүлгөн, аны мурдагы мамлекеттик катчы Жеймс Бейкер жетектейт. Комиссия өз ишин үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аяктап бүтүүгө тийиш жана, эксперттердин пикиринде, президент Буш өзүнүн Ирак саясатын ошол комиссиянын жыйынтыктарына байланыштуу өзгөртө башташы мүмкүн.







Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG