Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

“САДАГАСЫЗ” ШАЙЛОО ЖОК


АКШда конгресс толугу менен оппозицияга өткөнү калды. Демократтардын өкүлү Виржиния штатында республикачыл атаандашын утуп алганы айтылууда. Эгер бул ырасмий түрдө тастыкталса, демократтар сенатта 51 мандатка ээ болушат. Алар конгресстин өкүлдөр палатасындагы 435 орундун 228ин жеңип алышты. Президент Жорж Буш өз партиясынын утулганын Ирактагы жагдайга байланыштуу болгонун моюнга алды.

Доналд Рамсфелд республикачылар үчүн ооматсыз аяктаган шайлоонун биринчи “курмандыгы” болду. Президент Буш кечээ аны Пентагондун башчылыгынан бошотту. Анын ордуна Буш Роберт Гейтсти дайындаганы жатат. Гейтс 90-жылдардын башында ЦРУнун жетекчиси болгон. Буш мындай чечим көптөн берки сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кабыл алганын айткан эле, бирок Рамсфелд өзү буга шайлоонун да капшабы тийгенин моюнга алды.

Рамсфелддин кызматтан алынганын демократиялык партиянын өкүлдөрү кубатташты, аларды республикачылар да колдогонго аргасыз болушту. Демократ-сенатор Хиллари Клинтон эми жаңы башталыш болорун,Пентагонду жаңы киши жетектерин канааттанып белгиледи. Республикачыл сенатор Жон Уорнер президенттин чечимин акылгөй кадам деп баалады.

Рамсфелддин кызматтан кеткенине чет элдик лидерлер да өз мамилесин билдиришти. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард коргоо министринин кызматында Рамсфелд көп талаштарды чыгарганын, анын ичинде Ирак армиясын таркатып жибергени үчүн аны көбү сынга алышканын белгиледи. Ховарддын ишениминде Рамсфелддин кызматтан кетиши АКШнын саясатын өзгөртө албайт.

Ирактагы иштер жалпы шайлоого таасирин тийгизгенин Буш өзү да моюнга алды. Ирак кампаниясына активдүү айгакчы болгондордун бири – вице-президент Дик Чейниге байланыштуу суроого Буш эмдиги президенттик шайлоого чейин ал кызматында каларын тастыктады.

Байкоочулардын айтымында, Рамсфелдден соң Вашингтон администрациясында дагы бир нече чиновник кызматтан кетиши мүмкүн. Алардын бири катары президент кеңсе башчысынын орунбасары, республикачылардын шайлоо өнөктүгүнүн архитектору аталган Карл Роув аталууда. Ал мындан бир нече күн мурда эле республикачылар конгресстин эки палатасын тең демократтарга алдырбайт деп ишенимдүү айткан эле.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG