Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

БЕГИШ ААМАТОВ: ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ПАРЛАМЕНТ ЖАҢЫ ШАЙЛООЛОРГО БАРЫШЫ КЕРЕК


Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Аматов Кыргызстандын жаңы Конституциясы кабыл алынган окуялар боюнча «Азаттык» менен ой-пикир бөлүштү. Анын айтымында, жаңы Конституцияны тезирээк ишке киргизбесе кырдаал кайра курчуй кетиши ыктымал.

- Жаңы Баш мыйзамда катардагы инсандардын укугун көбүрөк кепилдөө максатында бир катар жаңы жоболор киргизилген. Бирок сизден башка жагын сурайлы деп турабыз. Баш мыйзам менен таанышып чыктыңызбы, канаттандыңызбы, бийлик бутактарынын тең салмактуулугу эми чындап эле сакталдыбы?

- Азыркы Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун кабыл алынышы бул өлкөбүздө жаңы саясий шартты түзөт. Бул жаңы Баш мыйзам 1993-жылкы Конституцияны кайра ордуна келтирүүгө жакындады. Жаңы Баш мыйзам бул таптакыр жаңы Баш мыйзам эмес, 1993-жылкынын эле жаңы редакциясы болду. Ушул Баш мыйзамга ылайык биз саясий кырдаалды туруктуулукка келтиребиз десек, анда азыркы өкмөт толук курамы менен отставкага кетип, жаңы өкмөт Конституциянын негизинде шайланышы керек. Жаңы өкмөттүн жаңыча полномочиелери бар. Жаңы өкмөттүн курамына мурда президенттин астындагы ведомстволордун бардыгы өтө турган болду. Анын ичинде Улуттук коопсуздук комитети дагы.

Ошого байланыштуу жаңы өкмөт жаңыча полномочиелери менен ишке кириши керек. Эгерде биз жаңы Конституцияны тездетип, ишке киргизбесек, анда саясий кырдаал кайрадан курчуй башташы мүмкүн, биринчиден. Экинчиден, 1991-жылы Кыргыз ССРинин депутаттары жаңы Конституцияны кабыл алганда дагы куду ушуга окшош кырдаал түзүлгөн. Аскар Акевдин сунушу менен 90-жылы шайланган депутаттар 95-жылга чейин иштесин деп Конституциялык закон кабыл алынган. Бирок, коомчулук 93-жылкы жаңы Конституциянын негизинде Конституцияны урматтап, парламент дагы, президент дагы тезинен кайра шайлоого баруу керек деген талаптарды коюшкан. Анткени биз легитимдүү болбой калганбыз жаңы Конституциянын алынышы менен. Мен да ойлойм, азыркы парламент жаңы өкмөттү шайлап, парламент дагы, президент дагы 2010-жылды карап отура бербей, кайра шайлоолорго барыш керек.

- Бирок, кабыл алынган Баш мыйзамдын өткөөл жобосунда андай болбойт деп жазылбадыбы?

- Андай болбойт деп жазылганы менен булар биздин коомдун, мамлекетибиздин өсүшүнө тормоз кылат. Биз 1993-жылы да ушундай болуп, анан 1994-жылы парламент өз алдыбызча таркап кеткенбиз. Бул парламент дагы өз алдынча таркап кетип жаңыдан шайлоо сөзсүз болуш керек. Биздин саясий партиялар шайлоого барып, алар өзүлөрүнүн Кыргызстандын элинин астына койгон программасы менен келиши керек парламентке. Азыр ар кыл көз караштагы депутаттар отурат.

- Бирок партиялар даярданышына убакыт керек го?

- Булар көптөн бери партия болуп түзүлгөндөн бери даярданып жүррүшөт. 80ден ашык партия бар. Коомчулук буларды билет. 3-4 айдын ичинде шайлоо болуш керек. Антпесе биздин өнүгүүбүзгө булар тоскоол болот. Булардын саясий көз караштары жетимиш бешинки 75 түрдүү, булар партиялар эмес, округдардан шайланган.

- Президент менен депутаттардын кол тийбестик укугунун кайра калтырылышы сиздин көз карашта туура эле болдубу?

- Иштеп аткан мезгилде калтырылышы туура, ал эми президенттин иштен кеткенден кийин да калтырып койгону бул натура. Экс президент деген статус калсын, атайын пенсия берилсин, телохранитель берилсин. Бирок президент болуп атканда Акаевдей болуп, кайра узурпация болуп мамлекетти талаганга жол беришке экинчи барбашыбыз керек.

- Парламенттин ыйгарым укуктары жаңы Конституция боюнча кеңейтилди, өкмөттүн ишин толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алды. Муну депутаттар өздөрү дагы мактаныч менен белгилеп жатышат. Ал эми парламенттин өзүнүн иши коомчулуктун катуу көзөмөлүндө болушу керек го. Мыйзамдар, өкмөттүн отчету албетте ачык талкууланат. Бирок парламент өз ыгым-чыгымдар, машина, үй маселесин талкуулаган жабык жыйын өткөрмө жөрөлгөсү бар. Эми парламент каражат маселесин талкуулоого келгенде мындан ары ушундай жөрөлгөдөн баш тартыш керек го?

- Жөрөлгөлөр бар, маселелерди чечиш керек. Бирок муну мурда президенттин администрациясы президентке болгон опсуз эле аябай шарттарды түзгөндөй кылып, парламент дагы, депутаттар дагы өздөрүнө шарттарды түзсө, коомчулуктун каршылыгына дуушар болот сөзсүз. Мен айтат элем, кайсы бир партиялар өзүнүн авторитетин сактайм десе коомдун пикири менен сөзсүз эсептешет. Партиялар бул жеке адам эмес, бул көпчүлүк партиялар бийликке парламенттик көпчүлүк болуп келгенде сөзсүз өзүнүн авторитетин сакташ үчүн коомчулуктун пикири менен эсептешет. Мен айтат элем, биздин парламент азыркы Конституция боюнча дагы толук өзүнүн ыйгарым укугун ала элек. Азыркы Конституция өткөөл Конституция. Европалык парламенттик өлкөлөрдүн Конституциясына окшош Конституция бизде алдыда болуш керек. Мисалы өлкөдө бизде президентти жалпы эл шайлайт деген азыр Конституцияда калды. Түркияда, Европадагы конституциялык өлкөлөрдө президентти парламент шайлайт. Биз жакынкы араларда ошого өтүшүбүз керек.

XS
SM
MD
LG