Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев 8-ноябрь күнү Ош шаарында тандемди колдоо боюнча митинг жүрүп жаткан учурда президенттин атынан оппозиция менен макулдашуу комиссиясында иштеп жаткандыгын белгилеп, бирок ал күнү митингдин аягында топтолгон бир канча адам тарабынан губернатордун кызмат ордун басып алууга мыйзамсыз аракет жасалгандыгын билдирди. Өзүнүн биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаевдин жактоочуларынын жогорудагыдай аракеттери үчүн өч алууга ниеттенбегенин айтып, бирок ал аталган окуяга эскертүү иретинде юридикалык баа берилүүгө тийиш деген оюн ортого салды:
- Бүгүн майрам болуп атат. Майрамдан кийин мен укук коргоо органдарын чакырып, эгерде алардын жасаган иш-аракеттеринде укук бузган эрежелери болсо, сөзсүз түрдө баа берилет.
Ал эми “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков 8-ноябрь күнү митингдин жүрүшүндө саясий туруксуздугу үчүн губернатор Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетирүү боюнча мамлекет башчысына талап гана коюлгандыгын белгилеп, бийликти мыйзамсыз басып алууга аракет жасалган эмес деп билдирди:
- Жеке амбицияларын ойлоп, менин ордумду талашып атышат дегени кызыл жалган. Анын орду эч кимге кереги жок. Биринчиден, губернаторлукка бир гана президенттин указы менен алынат. Биз Жантөрө Жолдошевичтин жүргүзүп жаткан саясатына каршы туруп, кетүү талабын койдук.
Губернатор Сатыбалдиев макулдашылган Баш мыйзамды кабыл алууда конструктивдүү калыс позицияны ээлегендигин айтып, бул жараянды демократиялык өзгөрүүлөргө карата ташталган чоң кадам катары баалады. Баш мыйзамдагы бийлик укуктарынын теңдештирилиши жана анда саясий партиялардын ролунун өсүшү өлкөдөгү кландык, уруучулук саясатка бөгөт коёруна ишенимин билдирүү менен губернатор мырза, бирок учурдагы саясий партиялардын алсыздыгына токтолуп өттү:
- Бүгүнкү күндө 80дей партия бар, 90 болуп кетиши да мүмкүн. Азыр бири-бирине кошулуу сөзсүз түрдө жүрөт. Себеби азыр Кыргызстанда “мен” деген партия өтө албайт. Өтсө 3-4 гана партия өтөт.
Ошол эле учурда оппозициялык маанайдагы “Ата мекен” партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасынын орунбасары Төлөгөн Келдибаев парламентти түзүүдө саясий партияларга тизме боюнча орун көбүрөк бөлүштүрүлсө жакшы болмок деген оюн ортого салды:
- Саясий партиялар көбүрөөк койсо жакшы болмок. Себеби бизде байлар өтө көп. Алар ар кандай жол менен депутат боло алат. Эл акчага мажбур болуп сатылат экен. Конституциянын кээ бир жерлеринде айтылып атат, 30 пайыздын тегерегинде добуш алган партия өкмөттүн башчысын сунуш кылат, ага президент каршы боло албайт деп. Бул негизинен Кыргызстанда демократиянын өнүгүп атканынын белгиси деп эсептейм.