Акыркы күндөрү Бишкек шаарында болуп өткөн массалык митинг-жүрүштөр, конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышы бир топ талаш-тартыштарды жаратууда. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров өз сөзүндө конституциянын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бекем боюнча калганын айтууда. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Конституциянын жаңы редакциясы боюнча президенттин ыйгарым укуктары чектелгенин, күч парламент тарапка оогонун билдирген. Бул туурасында бейтарап турган айрым саясатчылар жана көз карандысыз эксперттер өз ойлорун айта башташты. “Демократиялык күчтөрдүн биримдиги” партиясынын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов мындай дейт.
“Кандай болбосун бир консенсустун негизинде бир конституцияга токтошту. Бул бир кадам алдыга жылыш. Ушул консенсус элди граждандык согуштан сактап калды. Азыркы учурда ким жеңди, ким утулду деген туура эмес. Себеби жалпы эл женди, элибиз ошол согуштан баш тартышты. Бул согуш болуп кетет эле, көбү түшүнбөй жатат ошону. Ошондуктан бийлик мындан жыйынтык чыгарып, өзүнүн саясатын өзгөртүш керек. Башкача ойлонгон адамдар менен туура, маданияттуу сүйлөшкөндү үйрөнүшү керек. Оппозиция да менимче өзүнүн стратегиясында конструктивдүү жолдорду тандаса жакшы болот. Талаптарды коюп алышып, өзүнчө бир туңгуюкка кептелип калбай...”
Ал эми саясатчы Нур Омаровдун пикиринде президенттин ыйгарым укуктары негизинен сакталып калды.
“Президент кайсы бир деңгээлде чегинүүгө барды. Бирок бул толук түрдө чегинди дегендик эмес. Ошондуктан, республикада парламенттик-президенттик же парламенттик башкаруу орноду деп айтууга болбойт. Анткени, жаңы конституциянын текстин карап көрсөңөр, ыйгарым укуктардын негизги бөлүгү президентте эле калды. Ушундан улам ыйгарым укуктарынын көбүн сактап калган президентти тактикалык жактан жеңүүчү позициясында десек болот. Ал эми парламент мындан ары көбүрөөк ыйгарым укуктарды алганга аракет кылат деп ойлойм. Бул кезектеги саясий кризиске алып келет. Балким кийинки жылдын башында же бир нече айдан кийин ушундай болушу мүмкүн.”
Көз карандысыз эксперт Аяз Жаркынбаев бул туурасында мындай дейт.
“Азыр бул конституция идеалдуу, бул идеалдуу эмес деген сөздөр чыгып атпайбы. Эч качан идеалдуу конституция болбойт. Менин оюмча, ким билет, К.Бакиев экинчи мөөнөткө дагы калат, анан өзүнүн партиясы парламентке келет, кайра эле өздөрүнүн партиясы өкмөттү түзүп коет. Мындай да болушу мүмкүн. Негизгиси кеп конституцияда эмес, аткарылышында.”
Кыргызстандын Медиа өкүлү Шамарал Майчиевдин пикиринде конституция шашылыш түрдө кабыл алынганы менен бир катар жылыштар бар.
“Конституция шашылыш кабыл алынып калды. Бирок, ошондой болсо да жылыштар бар. Депутаттардын партиялык тизме боюнча шайланышы жакшы нерсе. Мурда шектүү бирөөнү кармаган учурда прокуратура иштеп келген болсо эми азыр жыйырма төрт сааттын ичинде сотко өткөрүш керек. Премьер-министрди парламент сунуштап, бекитет бул дагы жакшы. Бирок, жанагы партиялык тизме боюнча келгенде, көпчүлүктү түзгөн партия кандай эсептелет, аны кандай санайт кызык болуп атат. Кийинчерээк бул жерде проблема чыгышы мүмкүн.” - деди Шамарал Майчиев.
Илим Жанузаков, Бишкек