Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ АРБЫН


Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусун эл аралык уюмдардан тартып жергиликтүү байкоочуларга чейин кубаттап жатышат. Мындай көз карашын алгачкылардан болуп Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму, Европа Комиссиясы билдиришти. Ушундай эле мазмундагы билдирүү менен бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да чыкты. Ал эми Конституциянын өзүнө келгенде Бакир уулунун өзгөчө пикири бар.

Кыргызстандын акыйкатчысы Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу өлкөдөгү кырдаалдын кан төгүүсүз турукташуусун шарттады деп, муну элдин башкы жеңиши катары белгиледи. Ал эми Конституциянын жаңы редакциясы мезгилге жараша дагы кыйла өзгөртүүлөргө, түзөтүүлөргө муктаж. Мындай көз карашын Турсунбай Бакир уулу можаритардык-пропорционалдык шайлоонун баш мыйзамга киргизилиши менен байланыштырды:

- Партиялык тизмеге элүү пайыз эле берилет дегенге менин оюм башкача. Себеби, трайбализмди, жердешчиликти, түндүк-түштүктү, мына өзүбүз көрдүк, кандай коркунучтуу нерсеге алып келет.

Жаңы киргизилген тартипте өкмөттү түзүү саясий кырдаалды турукташтырарынан акыйкатчынын күмөнү бар.

- Түндүк-түштүктү жеңүү үчүн саясий партияларга биз жүз пайыз мүмкүнчүлүктү беришибиз керек, толук шайлоолорго катышкыла, жеңген партия өкмөттү түзгүлө деп. Азыр элүү пайыз партияларга берилип, ал өкмөттү түзөт деген нерсе, бул башкача айтканда, кырк беш орун саясий партияларга берилсе, анын ичинен бир партия жыйырма төрт орунду ээлесе, ошол партия өлкөнүн тагдырын чечет экен. Башкача айтканда өкмөттүн тагдырын Жогорку Кеңештин төрттөн бири чечет экен.

Анткен менен баш мыйзамды кабыл алууга тикелей катышкан жоопкер тараптар Конституциянын жаңы редакциясы шашылыш даярдалганы менен, жемиштүү документ болгонун айтып жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун баамында, буга бардык тараптардын бир пикирге келиши өзү күбө:

- Мыйзам президент жана 65 депутат тарабынан кабыл алынды. Алтымыш беш депутат менен президент биригип кыргыз элинин токсон пайыздан ашык добушун алган. Эгерде мыйзам Жогорку Кеңеш же президент тарабынан кабыл алынса, карама-каршылык болмок. Анын үстүнө добуш берген депутаттардын арасында оппозициядагылар, бийликтегилер, чордончулар да болду. Болгону эки киши добуш берген жок.

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров мамлекеттик телеканалда сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиевдин кеминде отуз жылга чейин иштеп берүүгө кудуреттүү баш мыйзам жаратуу аракети кандайдыр бир деңгээлде ишке ашканын белгилеген. Бирок, айрым байкоочулар шашылыш кабыл алынган баш мыйзамдагы өксүктөр кайра эле конститутциялык реформа маселесинин көтөрүлүшүн шартташы мүмкүн деп болжошот.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, өнүгүүнүн нугуна жараша оңдоо, түзөтүулөрдү киргизип туруу заман талабы. Анын оюнда, жаңы баш мыйзамдагы эң башкы өзгөчөлүк - адам укуктарына олуттуу маани берилгендик. Алардын катарында акыйкатчы шектүү адамды камоо укугун прокуратурадан сотко өткөрүү, кош атуулдук берүү, сот жараянына элдин атынан өкүлдү дайындоо, орус тилинин расмий тилин калтыруу өңдүү жоболорду кубаттады.

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG