Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

БАКУ “ЭКИ ҮСТӨЛДҮН” ҮЗҮРҮН КӨРГҮСҮ КЕЛЕТ


Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Москвадагы визитин комментариялашкан байкоочулар ырасмий Баку Батыш менен Россиянын ортосунда олку-солку болуп жүрүп, соңку кездери түндүктөгү коңшусуна ыктай баштаганын белгилешүүдө. Кремлде Алиев президент Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп,бир катар маселелерди талкуулаган эле.

Кремлдеги жолугушуу маалында Илхам Алиев эки тараптын алакаларына жана анын келечегине бекем ишеничин билдирди. “Өз ара кызматташтыктын күрдөөсүн күчөтүүнү көздөйбүз,азыр саясий, экономикалык,гуманитардык чөйрөдөгү алыш-катыштар абдан активдүү жүрүп жатат”, - деп белгиледи Алиев.

Президент Владимир Путин өз кезегинде Алиевдин жакында Брюсселде Евросоюз менен энергетика тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимге кол койгонун кубаттады жана аны куттуктады. Путин бу визит Баку үчүн абдан пайда-баталуу болгонун, өзгөчө Евросоюздун энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлоруна Азербайжандын катышуусун караган келишимдердин маанилүү экенин бөлүп көрсөттү.

Бирок айрым байкоочулар Кремлдеги сүйлөшүүлөрдүн жабык бөлүгү өз ара көңүл улашкан ушундай көтөрүңкү маанайда өткөнүнөн шек санашат. Азербайжан Батыштын канатынан калка издеп жатканына Путиндин эбедейи эзилип кетери күмөн дешет алар. Россиялык “Коммерсант” гезити атүгүл Москва Бакунун Батышка өбөктөгөн саясаты үчүн компенсация катары Грузияны экономикалык камалоо кампаниясына Азербайжандын катышуусун талап кыла алмак деп көрсөттү.

Азербайжандагы оппозициялык элдик фронттун лидери Али Керимли мындай ойлорго кошулган жок. Батыш менен Бакунун алакасын ушундай аңытта кеп кылгыдай Кремлде өңчөй көөсөрлөр отурган жок, дейт ал. Маселенин баары Бакунун өзүндө. Керимлинин кебине ылайык, бир эле учурда авторитардык Россиянын досу, ымалалаш ынагы болуу, ошол эле учурда НАТО менен Евросоюздун интеграциялык программаларына катышуу Алиевге жыл өткөн сайын кыйын болуп баратат.

Бакулук экинчи бир эксперт Шейн Аббасов Алиевдин режимин Москвага жакындаткан көп жүйөөлөр бар экенин белгиледи. Бул жагынан ал баарыдан мурда Азербайжандагы азыркы бийликтин антидемократиялык өмгөгүн бөлүп көрсөттү. Аббасов иш жүзүндө Азербайжан ушу тушта эле Россиянын жолунда, Путин түптөгөн демократиянын чыйырында баратат деп эсептейт. Андыктан бу жерде Азербайжан кайсы тарыйканы тандап алат деген дегеле маселе жок.

Аббасовдун айтымында, Россиянын түштүк Кавказдагы союздашы Армениядан айрымаланып, Азербайжан болгону өзүнүн россиялык багытын ачык көрсөткүсү келбейт. Мунун ордуна Батыш жана Москва менен болгон алакасын теңдемелеп, жымсалдаганга умтулууда.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG