Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ: “БИЙЛИКТИН ЭГЕРИМ РЕФОРМА ЖАСАЙ ТУРГАН НИЕТИ ЖОК БОЛЧУ”


Жети күнгө созулган тирешүүдөн кийин өлкөдө кырдаал турукташып калды. Бирок шашылыш кабыл алынган Конституциянын кемчиликтери көп, андыктан күрөштүн баары алдыда деген да чочулоолор айтылууда.

"Реформа үчүн!" кыймылынын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов Конcтитуция жаңы кабыл алынган менен система ошол эле бойдон калды деп билдирди «Азаттыкка»: "Бийлик тараптан чоң каршылык көрсөтүлүп туруп алгандыктан, ойдогудай болбой калды. Система өзгөрүүсүз калды."

Бирок депутат Байболов бийликтин реформа жасай турган деги эле ниети жок болгондон кийин бул оппозициянын жеңиши деп баалайт: "Бул деген өтө чоң жеңиш. Себеби баарыга маалым болду, бийликтин реформа жасайын деген ниети жок экен. Жанагындай акциялар болбосо эгерим реформа болмок эмес экен".

Айрым эксперттер Коснтитуция кабыл алынган менен эки жээктин тирешүүсү бүткөн жок деп атышат. Оппозиция койгон он талаптын бири гана ишке ашты. Президенттин маалымат катчысы Нурланбек Шакиев оппозиция жалпысынан негиздүү талаптарды коюп атат деп моюнга алат, бирок аны талап кылуунун жолу туура эмес деп эсептейт: "Эгер оппозиция дагы эле элди көчөгө чыгарып, радикалдуу кадамдарга барса анда элге бир нерсе түшүнүктүү болот. Эн башкы талабы болгон конституциялык реформа аткарылды. Эгер дагы радикалдуу кадамдарга болбой эле бара беришсе анда булардын көздөгөнү бийлик экени даана көрүнүп калат".

Оппозиция лидерлери арасында деле жети күнгө созулган митингдин жыйынтыгына маанай ар кандай өңдүү. Айрымдар жеңдик деп ураалаган менен, кабыл алынган Конституциянын мазмунуна ичи чыкпай, чийки май жегендей абалда жургөндөрү да жок эмес.

Депутат Мелис Эшимканов муну менен оппозиция чээнге кирди деп айтууга болбойт дейт:
«Реформа үчүн» кыймылы талаптарды коюуну уланта берет. Ушуну менен токтоп калат десе андай бийлик жаңылышат. Калган талаптарды аткарууга биз убакыт берип атабыз".

Анын айтымында, чатыр тигип көчөгө чыгыш бат эле, бирок ага жеткирбей парламенттин залынан калган талаптарды аткарууну талап кыла башташат.

Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG