Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

МУХАММАД САЛИХ : КЫРГЫЗСТАН БАШЫНАН ЭЛЕ ЖАҢЫЛАНУУ БАГЫТЫН ТАНДАГАН


Кыргызстандагы соңку окуялар, алардын коңшулаш өлкөлөргө тийгизчү таасири туурасында “Азаттыктын” суроолоруна чет мамлекетте баш калкалап жүргөн белгилүү өзбек саясатчысы, “Эрк” демократиялык партиясынын лидери Мухаммад Салих жооп берди.

-Кыргызстанда 8 күнгө созулган митинг-демонстрациялар жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен аяктады. Айрымдар бул окуяларды демократиялык өнүгүү багытындагы чечкиндүү кадам болду дешсе, кээ бир эксперттер Кыргызстан дале болсо бейстабилдүүлүктүн кучагында кала берет деп айтып жатышат. Сиз бул окуяларды кандай баалайсыз?

- Мен бул окуяларды бир кадам алдыга жылуу катары баалайм. Анткени бул окуялар өткөн жылы болгон ыңкылаптын уландысы, кадимки демократиялык көрүнүш катары кабыл алынышы керек. Эң башкысы – кыргыз эли өз президентин, мамлекет башчысын өзү тандап, анын кандай иштеп жатканын тескеп турганга жарай турганын көрсөтүүдө. Өткөн аптадагы митингдерден улам кыргыз эли өзгөргөнүн, өз тагдырын өзү аныктап, чечүүгө жарай турганын көрө алдык. Ошондой эле эл мамлекеттин тагдыры үчүн маанилүү маселелерди, саясий маселелерди тынч жол менен чечүүгө жарай турганын көрсөттү. Бийликтегилер да курал колдонгон жок, мен президент Бакиев өзбек президенти Каримовдун жолуна түшүп, элге каршы ок ачпаганына абдан сүйүндүм.

-Өзүңүз айткандай, бул окуялар өткөн жылы мартта башталган ыңкылаптын уландысы, ошондон бери улам бир жерде чыгып келаткан нааразылык акцияларынын уландысы болду окшойт. Кыргызстандагы ушундай акциялардын башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Анткени, менин оюмча, Кыргызстан эгемендиктин алгачкы жылдарында эле жаңылануу багытын тандап алган. Ошол багыт, салт уланып бараткандай. Сиздер билсеңиздер керек, 1980-жылдардын аягында Өзбекстанда абдан күчтүү демократиялык кыймыл пайда болгон. Ал кыймыл акыркы 15 жыл ичинде өзбек бийликтери тарабынан ырайымсыз куугунтукталып, басылды. Бизге окшогондор чет өлкөлөрдөн ал күрөштү улантууга аракет кылып жатабыз. Кыргызстанда ал кыймылдын сакталып калганы – ошол кездеги кыргыз бийликтеринин либералдуулугу, аз да болсо демократиялык принциптерди карманганы болду. Кыргызстан бул жагынан жолдуу болду окшойт, анткени 1990-жылдардын башында бийликке интеллигенттүү, маданияттуу кишилер келген. Ошондуктан ошол 1990-жылдардагы жана азыркы Кыргызстанды коңшулаш Өзбекстан, Түркмөнстан менен салыштырып болбойт.

- Кыргызстандагы бул окуяларга удаа, атүгүл ошол күндөрү Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өлкө конституциясын өзгөртүүнү каалайт деген кабар тарады. Ал эмне болгон өзгөртүүлөр, мааниси эмнеде?

- Буга эми күлгөндөн башка арга жок. Каримов эч убакта өзгөрүүлөргө барбайт. Бул ирет да ал мурдагы саясатын кайталап жатат. Ал жөн гана айрым жасалма партияларга өзүлөрүн оппозициячыл партия деп жарыялоого уруксат берди. Алар иш жүзүндө оппозициячыл эмес, бул жөн гана коомчулукту мыскылдоого барабар иш. Бирок Каримов түшүнүшү керек, Анжыяндагы окуялардан кийин Өзбекстан өзгөрдү, өзбек эли азыр мурункудай эмес. Аң-сезими өзгөрдү, Кыргызстандагы соңку окуялар да, албетте, коңшулаш Өзбекстандагы нааразычылык маанайына кошумча май тамызаары талашсыз.



Венера Сагындык кызы

XS
SM
MD
LG