Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

ӨЗБЕКСТАНДЫК ТАРЫХЧЫ -ДИССИДЕНТ БАЙМИРЗА ХАЙИТ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮ


Белгилүү өзбек тарыхчы-диссидент Баймирза Хайит 89 жаш курагында жакында (31-октябрда) Германиянын Кельн шаарында дүйнөдөн кайтты. Ал экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германияда диссидент катары жашап келген. Өзүнүн тарыхый изилдөөлөрүн окумуштуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхына арнаган. Анын китептери англис, немис, француз, араб жана башка тилдерге которулган.

Батыш, КМШ, араб өлкөлөрүнүн окмуштуу-тарыхчылар чөйрөсүнө жакшы таанымал болгон белгилүү тарыхчы-Баймирза Хайит 1917-жылы Өзбекстандын Наманган вилайетинде туулган. Тарых илимдеринин доктору Баймирза Хайит 15тен ашуун илимий эмгектин автору. Ал негизинен Борбор Азия мамлекеттеринин совет мезгилиндеги тарыхына байланыштуу, сталиндик репрессиялар, Орто Азия республикаларындагы басмачылык кыймыл тууралуу жана башка темаларды изилдеген.

Орто Азия республикаларында совет бийлигинин орнотулушуна каршы болгон интеллигенциянын өкүлү катары Баймирза Хайит экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германияда диссидент катары жашап калган. Өзбекстандык окумуштуулар Баймирза Хайит чет өлкөдө жашоого мажбур болгондугуна карабастан, илимий изилдөөлөрүн өзүнүн ата-мекенинин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхына арнагандыгын жогору баалашат. Бул тууралуу Өзбекстандын илимдер академиясынын президентинин орун басары, Кахроман Ражапов мындай дейт:

"Баймирза Хайит эл аралык аты бар, тарыхчылардын арасында өзүнүн өзгөчө орду бар тарыхчылардын бири болгон. Ал мекенинен алыс жүрсө да, Өзбекстандын өнүгүп өсүшү тууралуу көп ойлонгон. Көптөгөн эмгектерин Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхына, өзгөчө совет мезгилиндеги тарыхына арнады. Ал биздин окумуштуулар менен тыгыз байланышта иштөөгө аракет көрүп келди. Бирок, тилекке каршы, андай иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок. Баймирза Хайиттин эмгектеринин тарых илиминде мааниси чоң деп эсептеймин"”/.

Белгилей кетүүчү жагдай, Советтер Союзу учурунда Баймирза Хаиттин эмгектери фальсификациялардын негизинде жазылган илимий иликтөөлөр катары сыпатталчу. Бирок, кийинчерээк, СССР ыдырагандан кийин, анын илимий эмгектерине акыйкат, объективдүү баа бериле баштаган.

Кыргызстандык тарыхчылар да Баймирза Хаитти окумуштуу катары жакшы билишет жана батыштык көз караштын негизинде жазылган анын илимий эмгектерин жогору баалашат. Буга байланыштуу Тарыхчы Кыяз Молдокасымовдун пикири:

"Баймирза Хаит чындыгында эле белгилүү советологдордун бири болуп эсептелет. Ал Орто Азия республикаларынын совет мезгилиндеги тарыхына өзгөчө көңүл бурган жана бир топ эмгектерин жазган. Баймирза Хаит өмүр бою өз мекенине келе албай, чет өлкөдө жашоого мажбур болгонуна карабастан, тарых илимине өз эмгегин сиңирип, анын бир нече китептери жарык көрдү. Ал Өзбекстандын эгемендик жылдары да расмий Ташкен анын келүүсүнө тыйуу салган. Ошол жылдары Баймирза Хайит Кыргызстанга келип, биздин республикадагы демократиялык жараяндарга ичи жылып, жергиликтүү тарыхчылар менен жолугушуп, анын эмгектери тууралуу кыргызстандыктар билгендигине кубанып кеткен эле".

Баймирза Хайиттин эмгектери Борбор Азия өлкөлөрүнүн гана эмес, Батыштын, анын ичнде Германия, Улуу британия, Франция, ошондой эле араб өлкөлөрү жана башка мамлекеттердин да окумуштууларына, тарыхка кызыккан окурмандарына жакшы белгилүү.

Баймирза Хаиттин тарыхый эмгектери 1980-жылдардын акыры, 90-жылдардын башында Өзбекстанда жарыяланып турган. Бирок, кийинчерээк, анын эмгектеринин жарыяланышына тыйуу салынган.

1992-жылы Баймирза Хайит Ташкенге келген. Бирок, расмий бийлик андан 24 сааттын ичинде чыгып кетүүнү талап кылган. Ошол бойдон ал ата мекенине келүүдөн үмүтүн үзгөн болчу. Бирок, анын жердештери маркумдун сөөгү кайсы бир мезгилде кайрадан өзүнүн туулган жерине, ата мекенине коюлаарына ишенишет. Бул тууралуу учурда Швейцарияда жашап, саясий куунтукта жүргөн “Эрк” партиясынын мүчөсү Сафар Бекжанов айтат:

"Баймирза Хайит сыркоодон каза болду. Ал өз жеринде эмес, чет жерде дүйнөдөн кайтып, жерге берилгендиги, албетте, өкүнүчтүү көрүнүш. Ал жок дегенде өмүрүнүн акырында ата мекенине барууну каалаган эле. Тилекке каршы, ага жол берилген жок. Менин ишенимимде качан болбосун, баары бир Баймирза Хаиттин сөөгү өзү туулуп өскөн жерине коюлат", - деди Сафар Бекжанов.

Түркияда жашаган өзбекстандык саясатчы Ахад Андижани Стамбул шаарындагы Фатх университетинин китепканасында Баймирза Хаиттин эмгектери сакталган атайын бөлүм ачылгандыгын “Азаттыкка” билдирди.

Көптөгөн тарыхчылар Баймирза Хаиттин эмгектери Борбор Азиянын тарыхы боюнча келечектеги илимий изилдөөлөр, мектептер, жогорку окуу жайлар үчүн жазыла турган эмгектер үчүн ишенимдүү булак болууга арзыйт деп эсептешет.

Азиза Турдуева, Бишкек

XS
SM
MD
LG