Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

ӨЗБЕКСТАНДЫК ЖУРНАЛИСТ ТҮРМӨДӨН БОШОТУЛДУ


Жакында Өзбекстандын көз каранды эмес журналисти Улукбек Хайдаров түрмөдөн бошотулду. Жалган жалаа боюнча 6 жылга түрмөгө кесилип, эки ай абакта олтуруп чыккан журналист кыйнооолорго дуушар болгонун айтат.

43 жаштагы журналист камакта олтурган эки айдын ичинде көрбөгөнү көр болгондугун баяндап, абак накта тозоктун өзү болгонун айтат. Журналисттик ишиңизди улантасызбы деген суроого Улукбек Хайдаров адегенде ал ден соолугу менен психикасын оңоп алышы керек болуп турганын, андан соң гана ишин уланта ала турганын билдирди.

- Мен адегенде ден соолугумду оңоп алышым керек болуп турат. Андан соң гана иштер иштебесим анык болот, бирок журналисттик кесипсиз жашай албайм,- дейт Хайдаров.

Хайдаров ушул жылдын 14 -сентябрында Жызакта анын жанына бир аял келе калып, колуна 400 доллар aкча карматаарда кармалган. Камакка алынган журналистти эки айдын ичинде төрт башка түрмөгө которуп, түрдүү ыкмалар менен кыйнап, сабашкан. Ал жазаа өтөө жайларынын баарындагы абал адам чыдагыс экенин маалымдайт.

- Эки айдын ичинде мен кеминде 12 килге арыктадым. Бизди күн сайын таңкы бештен кечки 10го чейин ар түрдүү көнүгүү- машыгууларды жасатып кыйнашты. Мен ошон үчүн арыктадым окшойт, анткени менин организмим андайга көнгөн эмес болучу,- дейт журналист.

Ал Ташкент түрмөсүнөн Навои түрмөсүнө көчүрүлгөндөн кийин начарлаган. Навои абагыда туткундарды кош катар тизилген кароолчулардын ортосунан өткөрүп, темир чыбыктар менен сабашкан. Бул орусча айтканда "ломка", жэ адамдын жүрөк үшүн алуу экендигин айтат:

- Өзбек түрмөлөрүндө бул системаны "ломка" деп койушат. Бул жаңы келгендерди психикалык жактан жабыркатып, чөгөлөтүүнүн амалы. Мындай кыйноого ар бир туткун дуушар болот. Мен да ошол тозоктон өттүм,- деп баяндайт журналист.

Хайдаровдун айтымында аны мындай кыйноолорго тергөө абагында дагы дуушар кылышкан.
Батыш укук коргоочулары Хайдаровго каршы уюштурулган ишти "Юстициянын пародиясы" деп атап, анын бошотулушун талап кылышкан.

Хайдаровдун бошотулушу Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовдун Брюсселде Еврошаркетттин жетекчилиги менен өткөн сүйлөшүүлөргө туш келди. 13-ноябрда Еврошаркет Өзбекстанга каршы былтыр киргизилеген санкцияларды алып таштоо, жэ улантуу маселесин колго салат. Санкциялар былтыр 13- майда Анджиян шаарындагы митингдер күч менен басылган соң киргизилген. Укук коргоочулардын айтымында калабада жүздөгөн бейкүнөө адамдар курман болгон.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG