Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

МОСКВА: КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨЗГӨГӨ ӨРНӨК БОЛОР ЫҢКЫЛАБЫ


Кыргызстанда жаңы Конституциянын кабыл алынышы дүйнө коомчулугунда бул тоолуу өлкөдөгү демократиянын жетишкендиги катары айтылууда. Бишкекте бир нече күн удаа уюштурулган митингден кийин Кыргызстандын бийлиги менен оппозициянын тил табышуусун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму жана бир нече мамлекеттер кубаттап билдирүү жасашты. Кыргызстандагы саясий окуялар Орусияда жашап жаткан кыргыздар арасында да ар кандай маанай жаратты.

Бишкекте бир апта ичи оппозиция менен бийликтин тирешүүсү туурасында «Время новостей» басылмасы:

«Бул окуянын кантип башталып эмне менен аяктаганы бери дегенде ушул, борборазиялык чакан өлкөнүн тарыхый окуу китеби менен укук таану илимине сөзсүз кирет»,- деп жазат.

Globalrus.ru. сайты болсо «украиндерге караганда кыргыздар сабырсыздык кылышты, бирок жагдайдын кайда баратышын түшүнө билүүдө грузиндерден өйдө болушту», - деп баалады. Сабырсыздык кылды деп сайт жааташкандардын аз жерден кагылышып кала жаздап аларды милиция көздөн жаш агызчу түтүн менен ажыратканын эскерет, ал эми грузиндерден өйдө болду деп, алардын ыңкылабы үстүндө Жваниянын табышмактуу көз жумушу жана ыңкылаптан кийин кыйла оппозициячылардын камакка алынышын эскерет. Кыргыздарда андай көрүнүш болгон жок ошондуктан алар өйдө деп чечмелейт.

Орусияда жүргөн кыргыздар Кыргызстандагы окуялар боюнча ой-пикирлерин «Азаттык» аркылуу да билдиришти. Маскөөдөгү «Кыргыз биримдиги» уюмунун жетекчилеринин бири Медербек Абдуллаевдин жообу мындай бооду:

- Ортоазиядагы өлкөлөр ичинде биздин Кыргызстаныбыз демократиялуу мамлекет. Ошонун негизинен улам ушундай иш болуп атат. Мисалга албай эле коелу, коңшулаш Өзүбекстан мамлекетинде, Тажикстан мамлекетинде абалды кароо - буга күбө. Дүйшөмбүдө жаңы эле президентти шайлоодо, мурдагы жетекчини (Э. Рахмоновду – ММ) жети жылга дагы кайра шайлады. Коңшулаш Түркмөнстан мамлекетинде абал да жаман. Аларга салышытра карасак биздин мамлекетибиз бардык жагынан жогору, ага биз сыймыктанабыз!, - деди Абдуллаев.

Коомдогу саясий кармаш карапайым адамдын башына мүшкүл алып келерин Маскөөгө жакында келген эмгек мигранты Эркайым Садыровага суроо узаттык.

«АЗАТТЫК»: - Элдин көчөгө чыгуусу, бийлик менен оппозициянын тил табышуусу Сизге кандай таасир этти?

- «Жаман эле таасир этти. Дагы кандай ополоң-тополоң болуп кетет деп үйдө жатып жаман корктук», - дейт Эркеайым.

Маскөөнүн көп курулуштарынын биринде иштечү эмгек мигранты Кумардын ою өзгөчө экен:

-Он жылдан бери Акаевдин кылган жумушуна караганда Бакиевдин бир жарым жылда жазаган иши абдан эле жакшы болду. Мындан беш ай мурда Кыргызстанга айылыма барып келдим, доктурлар, мугалимдер ай сайын маянасын өз учурунда алуучу болуп калыптыр, - дейт Кумар.



Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG