Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

19:30 Депутат Өмүркуловдун үйүндө граната жарылышы боюнча ар кандай версиялар айтылууда


Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери Нурбек Токбаевдин билдирүүсүнө караганда, Иса Өмүркуловдун үйүнө граната ыргыталгандыгы тууралуу маалымат эрте мененки саат сегиздерде гана тартип коргоо органдарына берилген. Бул ишке бийлик менен «Реформа үчүн» кыймылды чабыштырууну көздөгөн үчүнчү тарап, же Өмүркулов менен мурун бирге иштеген кишилердин да тиешеси болушу ыктымал. Учурда ар түрдүү версиялардын үстүнөн иштеп, тийиштүү материалдарды топтоп жатабыз, деп белгиледи Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери.

Эскерте кетээрибиз, бүгүн түнкү саат үчтөрдө Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун үйүнө белгисиз бирөөлөр эки граната ыргытышкан. Бул тууралуу Иса Өмүркулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кол салуунун анын саясий көз карашына байланышы бар. Граната жарылуудан эч ким жабыркаган эмес. Бирок үйгө зыян келтирилген.
Тартип коргоо органдары окуя болгон жерге келип, тергөө иштери башталды. Бул окуя боюнча «Реформа үчүн» кыймыл дүйшөмбү күнү билдирүү жасайт, деп белгиледи Иса Өмүркулов.(TA)

XS
SM
MD
LG