Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

АМЕРИКАНЫН ИРАКТАГЫ ЖАНА ООГАНСТАНДАГЫ САЯСАТЫ ӨЗГӨРӨТ


АКШнын Конгрессине өткөн өткөөл шайлоодо жеңилип калышкан республикачылардын администрациясы өлкөнүн Ирактагы саясатын кайра карап чыгууда. Маалымат каражаттарынын айтымында, өлкөнүн саясаты Ооганстанда жана башка кризистик региондордо дагы өзгөрөт.

АКШнын башкы штабынын командачысы генерал Питер Пейс маалымат каражаттарында берген интервьюларында саясатта боло турган өзгөрүүлөрдүн майда-чүйдөсүнө токтолбойт. Бирок 11-ноябрда "Вашингтон Таймс" гезити генерал Пейс жооптуу аскер өкүлдөрүн чакырып алып, алардан Ирактагы жана Ооганстандагы саясатка жаңыча көз караштарын ортого салуусун талап кылган.

Буш администрациясынын Ирактагы саясаты 7-ноябрда Конгресске өткөн шайлоодо республикачылардын жеңилип калгандыгынын негизги себеби болду. Шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болоору менен Жорж Буш Ирак согушунун башкы архитектору, Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелди кызматтан алды. Анын ордуна АКШнын чалгындоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, тышкы саясатта прагматик катары белгилүү Роберт Гейтс дайындалды.

11-ноябрда радиодон жасаган апталык кайрылуусунда Буш ошондой эле өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Жэймс Бейкердин жетекчилиги астында иштеп жаткан көз карандысыз комиссиянын Ирак боюнча сунуштарына кулак сала тургандыгын айтты. Мунун баары кызмат мөөнөтүнүн бүтөөрүнө эки жыл калган Буш демократтар менен иштешип, алардын негизги талабы Ирак саясатын өзгөрткүсү келип жаткандыгынын белгиси. Өткөн жума күнү Буш демократтардын лидерлерин кабыл алып жатып, булады айтты:

-Ресубликачылар менен демократтар экөө тең бирдей өз мекенин сүйгөн, анын келечеги үчүн кам көргөн атуулдар экенин көрсөтүүгө мүмкүндүк түзүлдү, биз бири-бирибиз менен ырааттуу иштешебиз,- деди Буш.

Серепчилердин болжолунда Буштун администрациясы АКШнын Ирактагы аскерлерин азайтуунун, анын ордуна Ирактын өзүнүн коопсуздук күчтөрүн көбөйтүп, машыктырып, аларды өлкөнүн коопсуздугунун камсыз кылганга жөндөмдүү дэңгээлге жеткирүүнүн жолдорун ойлонуштурат. Ошону менен бирге эле террорчулукка каршы күрөштүн адаттан тыш ыкмалары таразага салынмакчы. Бирок буларды ишке ашыруу оңойго турбасы анык. Кечээ Ал-Каиданын Ирактагы башчысы делинген Абу Хамза Ал- Мухажир интернетте тараткан билдирүсүндө:

-Аксак өрдөк, министриң Рамсфелдке окшоп качып кетпе! Биз силердин каныңарды али жетиштүү төгө элекпиз. Өзүңөр ачкан кан майдандан качпагыла, батыштыктар жеңилип калгандан уялбайт эмеспи,- деп чакырык салды.

Ошол эле сөзүндө Мухажир америкалыктарга каршы согушуу үчүн Иракта 12 миң согушкер мобилизацияланганын айтты.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG