Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

ТҮШТҮК ОСЕТИЯ ЭГЕМЕНДИКТИ КӨЗДӨЙ БИР КАДАМ ШИЛТЕДИ


Грузиянын бийлигин тааныгысы келбеген Түштүк Осетияда жекшемби күнү жалпы элдик шайлоо өттү. Жергиликтүү бийлик- калк чөлкөмдүн эгемендиги үчүн добуш берип, 1992-жылкы референдумда кабыл алынган багытты колдойт деген ишенимде. Батыш референдумга каршы экенин билдирген. Бирок, Түштүк осетиялык жикчилер саясый өнөктүктү эларалык коомчулуктун таануусуна жетишүүдөгү жана Россияга биригүүдөгү алгачкы кадам деп эсептейт. Бул күнү аймактын грузин калктуу кыштактарында альтернативдүү шайлоо болду.

Жикчил аймактын президенти Эдуард Кокойту жекшемби күнү чөлкөмдүн борбору Цхинвалиде добуш бергенден кийин Түштүк Осетия Грузиядан тынч бөлүнүп кетүү аракетин токтотпосун маалымдады:

-Биз 1992-жылкы референдумдун натыйжасындагы бир ирет бекемдейбиз. Биз өзүбүздү туура кадам жасоодобуз деп эсептейбиз. Шайлоого түрдүү өлкөлөрдөн келген көпсандаган байкоочулар жана массмедианын өкүлдөрү өз көрарамандары менен угармандарына Түштүк Осетия Республикасынын түмөндөгөн эли өз эгемендигин баалаганын маалымдайт.

Кокойту жекшемби күнү референдумга удаа өткөн шайлоодо өз ордун сактап калаарынан шек жок экени боолгонууда.Грузия жетекчилиги референдумду мыйзамсыз деп, аймакты өлкө курамына кайтарып алабыз деген ишеничин билдирген.

Түштүк Осетия 1992-жылкы кыска мөөнөттүк согуштан кийин Грузиянын борбордук өкмөтүн таануудан баш тарткан.

Чөлкөм борбору Цхинвалиде шайлоочулар Россияга кошулууну кааларын жашырышпады.
-Биз үчүн жана Түндүк Осетия үчүн күнкорсуздук-бул тирүү калуу. Адегенде эгемендик, андан соң Россияга кошулуу,-деди Нодар Кочиев Ройтерс сыналгысына берген интервьюда.

Атын атабаган башка бир жаран Грузиядан бөлүнүп чыгууну жактап добуш бергенин айтты:

-Биз Грузиядан алыстап кетүү үчүн добуш бердик. Биз ушул идеяны колдодук.

Россия менен чектеш аймакта орус рубли пайдаланылып, элдин көбүндө Россия паспорту бар болгондуктан, чөлкөмдө росиячыл маанай күчтүү. Андыктан, шайлоо күнү Цхиналиде жана башка жерлерде Түштүк Осетиянын жана Россиянын желектери кошо желбиреп турду.

Тбилисиден 100 чакырымдай алыстагы аймактын грузин калктуу кыштактары өз алдынча шайлоо өткөрүштү. Эредвидеги альтернативалуу БШКнын төрагасы Урузмаг Каркусовдун сөзүнчө, Түштүк Осетиянын Кокойтуга баш ийбеген айрым айылдарында элдин 60 процентке жакыны альтернативдүү шайлоого катышып, добуш берген:

-Шайлоого эл акылга сыйбагандай көп катышты.

Эларалык коомчулук референдумду жана шайлоону колдогон жок. НАТОнун башкатчысы Скеффер 11-ноябрда референдум региондогу тирешүүнү күчөтөөрүн эскертти.

Россия эгерде Батыш Косово провинциясынын Сербиядан бөлүнүп чыгышын жактаса, анда Түштүк Осетия, Абхазия жана Днепр бою сыяктуу аймактардын күнкорсуздукка умтулуусуна “этибарга албай койбошу керек” деп санайт.

XS
SM
MD
LG