Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

БАЗАРКОРГОНДО Ө.ТЕКЕБАЕВДИ ДЕПУТАТТЫКТАН ЧАКЫРТЫП АЛУУ АРАКЕТТЕРИ КҮЧ АЛДЫ


Cоңку учурда Жалалабат областында экс-спикер Өмүрбек Текебаевди чакыртып алуу аракеттери кескин күчөдү. Базаркоргондон шайланган депутатты чакыртып алуу максатында кол топтоо үчүн бул жакта атайын комитет да уюшулган. Алар оппозициядагы депутатты шайлоочулардын камын көрбөй, бийликтин ишине бут тосуп тоскоолдук кылууда деп айыпташууда. Ө. Текебаев башында турган “Ата Мекен” партиясынын областтагы өкүлдөрү кол топтоо бийликтин уюштуруусу менен экс-спикерге кысым көрсөтүү үчүн жасалууда деп белгилешет. Облустук бийлик өз кезегинде бул иш-чарага эч тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганда облуста оппозицияны айыптаган митингдер байма-бай өтүп, анда Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан ажыратуу чакырыктары жаңырып турду. Кол топтоо боюнча комитеттин мүчөсү Мукарам Муктарканова Жалалабатка чогулган элге “Реформа үчүн” кыймылына кирген бөлөк депутаттарды да чакыртып алууга үндөгөн:

- Текебаевди биз депутаттыктан алыш үчүн 17-18 миң кол чогултканбыз. Туура эмес депутаттарды ар бир шайлоочулар чакырып алышка бардыгыңардын укугуңар бар закон түрүндө. Кайтаргыла, жазгыла. Биз мисалы кайтарып алабыз.

Комитеттин дагы бир өкүлү Төрөкан Алимов 13-ноябрда борбордук шайлоо комиссиясына 16 миң колду тапшырган. Анын айтымында, Ө.Текебаев шайлоочуларын унутуп, саясий активдүүлүгү менен бийликтин ишине тоскоолдук кылууда:

- Демократия мамлекетин куруунун ордуна бул пикет, митинг өткөрүү менен элдин маанайын бузуп жана элдин ичинде ар кандай ушак-айыңдарды таратуу менен элдин аң-сезиминин туура калыптанышына өзүнүн оң таасирин тийгизе алган жок, ишенимди актаган жок. Шайланган боюнча бир да жолу өзүнүн шайлоочуларына келип кабар алган жок, алардын проблемаларын чечүүгө жардам берген жок.

Кол топтоо акциясы, Төрөкан Алимовдун айтымында, Базаркоргондогу аксакалдар менен жаштардын жана саясий күчтөрдүн демилгеси менен жүргүзүлүүдө. Келерки апталарда Ө.Текебаевди сотко берүү боюнча да аракеттер башталат.

Шайлоочу Сабыр Абдаловдун баамында, Базаркоргон районундагы Ө.Текебаевге каршы иш-аракеттерди анын шайлоочусу болбогон адамдар көрүшүүдө:

- Кырктай адамдын арасында Текебаевдин бир да шайлоочусу жок. Бардыгы эле чет жактардан. Башка шайлоочулар келип эле депутатка бут тозуп, кол топтойбуз, чакыртып алабыз дегени туура эмес.

”Ата мекен” партиясы депутаттыктан чакыртып алуу иш-аракетин экс-спикерге психологиялык кысым көрсөтүү үчүн болуп жатат деп билдирди. Партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин көз карашында бийликтин кемчилигин сындаганы үчүн агасын депутаттыктан чакыртып алууга бийлик өзү кызыкдар:

- Психологиялык басым көрсөтүү максатында бийлик тарабынан уюштурулган акция деп эсептейм. Ал адамдар менен сүйлөшүп көрсөм, көпчүлүгүнүн паспорту жок, жасалма адамдар. Аз санда гана кол топтоп алып, миңдеген кол топтодук деп жүргөнү жөнүндө толук кабарыбыз бар.

Кол топтоо ишине жергиликтүү бийлик тиешеси жок экенин билдирген. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов мындай иш-чарага облбийлик кызыкпай турганын айтты: - Текебаевге кол топтоо боюнча эч кандай бийликтин көрсөтмөсү жок. Биз ага киришпейбиз, укугубуз да, акыбыз да жок.

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG